Айбат » Атка минерлердин мамлекетке келтирген чыгымдары башкы прокуратура аркылуу кайтарылууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Атка минерлердин мамлекетке келтирген чыгымдары башкы прокуратура аркылуу кайтарылууда

Батукаев АзизМурда жогорку кызматтарда отуруп, мамлекет казынасына кол салып, зыян алып келгендердин мамлекетке канча зыян келтиргени аныкталганы менен, анын кайра канчасы аркага кайтарылып жатканы жалпы коомчулукка табышмак бойдон кала берчү. Өлкөбүздө Баш мыйзам алмашып, башкаруу системасы өзгөргөндөн бери бардык атка минерлердин ар бир аракети коомчулукка алаканга салгандай даана көрүнүп турчу болду. Маселен, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында Башкы прокурор өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча отчёт берип, кызматтык абалда турган адамдар тарабынан мамлекетке канча зыян келтирилгендигин жана анын канчасы кайра мамлекетке кайтарылгандыгы тууралуу айтып өттү. Прокуратура органдары 2013-жылда ачылган кылмыш иштерин жана материалдарын иликтөөгө алып, кызматтык абалдан пайдалануу аркылуу мамлекетке 539 млн 75 миң 84 сом зыян жасалгандыгын аныктаган. Анын 285 млн 172 миң 188 сому кайра мамлекетке кайтарылган. Демек, мамлекет жоготкон чыгымдарынын 50 пайыздан бир аз ашуунун кайра аркага кайрый алган десек болот. Ошондой эле бүгүнкү күндө «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин түрмөдөн убактысынан эрте чыгарылып кетиши да коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган тема болгондуктан, Жогорку Кеңештин депутаттары да бул маселени унутта калтырышкан жок. Ага жооп катары Баш прокурор Аида Салянова Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча кайрадан кылмыш иши ачылгандыгын билдирди. Демек, жакынкы күндөрү Батукаевдин кандайча бошотулуп кеткени жана ага кимдер көмөк кылганы тууралуу жаңы маалыматтар пайда болот деп ишенсек болот. Баш прокурордун айтуусу боюнча Кыргызстанда жыл өткөн сайын катталган кылмыштардын саны азайып келет. «Кылмыштуулуктун санынын өсүшү боюнча мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк көрсөткүч өткөн жылы Баткен облусунда болду. Ал жакта кылмыштардын орточо көрсөткүчү 10 миң адамга 47 кылмыш болуп турат. Бишкек шаарында бул көрсөткүч 117, Ошто 82, Чүй облусунда 67, Ысык-Көлдө 51» деп билдирди ал. Ошондой эле Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен кылмыштуулуктун орточо көрсөткүчү боюнча 3-орунда турарын билдирди. Өткөн жылы Кыргызстанда өзгөчө оор кылмыштардын саны кыскарган. Аида Салянованын айтуусу боюнча мындай кылмыштардын саны 2012-жылы 4099 болсо, өткөн жылы 3748 болгон. Ошондой эле киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет кылуу кылмыштары да 378тен 301ге азайган. Башкача айтканда мындай кылмыштуулук 20 пайызга төмөндөгөн. Ал эми ал кылмыштардын 89,3 пайызы ачылып, тиешелүү жазалары берилген.

Айбат гезити №74



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru