Айбат » Болгарияда жаштар арасындагы бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандан эки спортчу катышууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Болгарияда жаштар арасындагы бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандан эки спортчу катышууда

Чемпионат по боксуУчурда Болгария мамлекетинин борбору болгон София шаарында 14-25-апрель күндөрү спорттун бокс түрү боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык спорт бөлүмүнүн жетекчиси Адыл Бакиров билдирди.

Анын айтуусу боюнча, аталган чемпионатка Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы №3 адистештирилген балдар жана жаш өспүрүмдөрдү олимпиадага даярдоо спорт мектебинин эки мушкери 52 кг салмакта Абдрахман Абдрахманов жана 75 кг салмактагы Темирлан Чоенбек уулу катышууда.

Бокс боюнча машыктыруучу Марат Шамаматовдун София шаарынан билдирген маалыматына ылайык, дүйнөлүк  чемпионаттын биринчи күнүндө  52 кг салмактагы таймашта Албаниялык Зенели Кренар мушкерин кыргызстандык Абрахман Абдрахманов 3-0 эсебинде жеңген.

Айбат гезити №74




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru