Айбат » «Алга» ири эсеп менен «Манас» командасын жеңди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » «Алга» ири эсеп менен «Манас» командасын жеңди

футболКомандаларынын арасындагы футбол боюнча Кыргызстандын 23-чемпионатынын алкагында  15-апрелде бишкектик «Алга» менен «Манас» командалары беттеш өткөрдү. Эске салсак, аталган командалар өз ара 5-апрелде оюн  өткөрүшкөн, анда  «Алга» командасы  3:0 эсебинде утуп алган. 15-апрелде болгон экинчи оюнда да «Алга» жеңишке жетти.

Атаандашынын  дарбазасына «Алганын» оюнчусу Иван Филатов эки жолу топ киргизсе, бир жолудан Евгений Пилипас, Нуркал Сатаев жана Александр Бельдинов болушту. Оюндун  жыйынтыгы  5:0 эсебинде «Алганын» пайдасына чечилди. Эми 23-апрелде «Манас» менен «Абдыш-Ата» жолугат, ал эми «Алга» «Ала-Тоо» менен ойнойт.

Айбат гезити №74



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru