Айбат » Футбол боюнча АФК кубогуна катышууга Кыргызстандын курама командасынын тизмесин тактап жатышат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Футбол боюнча АФК кубогуна катышууга Кыргызстандын курама командасынын тизмесин тактап жатышат

Дворянков СергейФутбол боюнча Кыргызстандын курама командасын машыктыруучусу Сергей Дворянков “Кыргызстандын  курама командасына азырынча 30 футболист  талапкерлигин билдирип жатышат” деп  маалымат булактарына билдирген. “Бул 30 футболистин ичинен биз 18-23 футболист тандап алып 9-майда АФКга тизмени кетиришибиз керек. Анын ичинен  3 дарбаза коргоочу болуш  керек” дейт  Сергей Дворянков.

АФКнын Кубогуна болгон финалдык оюну Мальдив аралында 19-30 майларда болмокчу. Биздин курама команда “А” группасындагы  Мальдив аралынын, Палестиндин жана Мьяндын командаларына туш болгон. Кыргызстандын негизги курама командага талапкерлердин тизмеси:

Дарбаза коргоочулар  Матяш  Павел, Волков  Владислав (экөө тең  «Дордой»),  Кашуба Валерий («Алай»), Амиров Руслан («Гефест», Казахстан)

Коргоочулар:  Аскаров Даврон, Абитов Фарух, Таго Даниэль (баары  «Дордой»), Тахир Авчиев, Владимир Касьян (экөө тең  «Абдыш-Ата»);  Шерзод Шакиров («Алай»);  Артур Муладжанов («Алга»);  Арий Элайджа (эч бир клубда ойнобойт), Валерий Кичин («Уфа», Россия);

Жарым коргоочулар: Азамат Байматов («Дордой»), Азиз Сыдыков, Кайрат Жыргалбек уулу, Хуршит Лутфуллаев (баары  «Абдыш-Ата»),  Аброр Кыдыралиев («Алдиер»),  Нурбек Жолдошев, Муролим Ахмедов,  Ильдар Амиров (баары «Алай»); Мака Коум Клод (эч бир клубда ойнобойт); Анатолий  Власичев («Окжетпес», Казахстан);  Ахлетдин Исраилов («Динамо», Украина);  Вадим Харченко («Тавшанлы Линиитспор», Турция);

Айбат гезити №74




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru