Айбат » Индиядагы сиам эгиздери

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Индиядагы сиам эгиздери

Сиам эгиздериШиванатх жана Шиврам Саху сиам эгиздери Индияда төрөлгөн. Алар төрөлгөндө Индия элдерин таң калтырган жада калса мындай көрүнүш кудайдан келген өзгөчө белги деп аларга сыйына башташкан.  Райпур шаарына жакын жайгашкан айылда төрөлгөн эки буту жана төрт колу   бар бир туугандар жуунгандарын, кийингендерин, тамактангандарын көргөн Индиянын  врачтары таң калышкан. Жергиликтүү врачтар балдардын ден соолугу жакшы, бирок буларды экиге ажырата албайбыз. Бул эгиздердин экөөнө бир аш казан, бирок буларда эки бөлөк өпкө жана жүрөк.

Сиам эгиздериБел жагынан кошулган 12 жаштагы бир туугандарды шаардык врачтар бөлгөнгө болот  дегенде, ушул бойдон калышы керек деп ата-энеси макулдугун берген эмес. Шиванатх жана Шиврам   күнүмдүк машыгуунун жардамы менен алар душка өз алдынча түшкөндү, бири-биринин чачтарын тараганды, өз үйүнүн тепкичинен түшкөндү, кийингенди жана кошуна балдар менен крикет жана башкаларды ойногонду үйрөнүштү.

Эгиздердин алсыз көрүнгөн Шиванатх “ биз мектепке барабыз, балдар менен крикет ойнойбуз, биз баарын үйрөндүк” дейт. Мындан тышкары алар жакшы окуйт жана эң мыкты окуучулардын катарына кирет. Булар эгиздердин камкор  атасы Раджи Кумар сыймыктанат. Раджи Кумардын эгиздерден тышкары беш кызы бар.

Сиам эгиздери“Көпчүлүк элдер менин балдарыма кызыгышат бирок, мен гана эгиз балдарымдын көйгөйлөрүн билем. Жаан жааганда басып турушуна кыйынчылык жаратат жана бирөөсү отургусу келгенде, бирөөсү  жатып турушу керек. Врачтар бекер операция кылып ажыратабыз жана жакшы жашап кетерине кепилдик беребиз десе да макул болбойт. “Кудайым ушундай кылып жараткандан кийин алар ушул бойдон калышы керек ” дейт атасы  Раджи Кумар.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №74




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru