Айбат » Китепканада адамдын терисинен жасалган китеп табылган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Китепканада адамдын терисинен жасалган китеп табылган

Адам терисинен жасалган китепГарвард  университет – дүйнөдөгү университеттердин алдында турат. Ал өзүнүн жакшы билим берүүсү менен жана бүтүрүүчүлөр арасында миллиардер  чыкканы менен  жана дүйнөдөгү эң чоң китепканасы менен таанымал. Мына ушул китепканасы университетке атак даңк алып келген тагыраак айтканда андагы сакталган китептер. Китептердин арасында кишинин терисинен жасалган китеп табылган.

Гарвард  университети китептерди толуктоо учурунда  үч китепке көңүл бурушкан. Атайын адистер менен ар бир китепти кылдаттык менен карап, жыйынтыгында “бул китептер кишинин терисинен жасалган” деп айтышкан. Бул китепке рим поэзиясы, француз философтордун иштери камтылган.

Кишинин териси менен китептерди сырттоо практикасы 17-кылымда модага айланган, өзгөчө медицина тармагында иштеген ишкерлер өлүктөрдү изилдөө учурунда  терилерин колдонгон. Гарвард университети “бул китептерди өрттөп жоготпойбуз жана биздин китепканада мындай китептер бар деп жарнактабайбыз (реклама)” деп билдиришти.

Китепкананын мүдүрү Сидни Верба “жакында кишинин терисинен жасалган үч китеп табылды, булар китепканада жалгыз эмес болушу мүмкүн. Менин оюмча китептерди текшерүү учурунда мындан да жаман көрүнүштөгү китептер чыгышы мүмкүн” деп билдирди.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №74




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru