Айбат » А.Суракматовго сурак жокпу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » А.Суракматовго сурак жокпу?

Гезитибиздин өткөн санында (21.03.14 №70-чыгарылыш) ак үйдүн босогосунда салынып жаткан бизнес борбору тууралуу жазганбыз. Ал курулушту депутат Азиз Суракматов жана Арапбаев Азаматка таандык “Елизавета” компаниясы жүргүзүп жатат. Гезитибизге сүрөтү менен берилип басылгандан кийин Башкы прокуратура иш козгогон, себеби ал жер стратегиялык мааниге ээ. Болгону убагында Иса Өмүркулов сатып жиберген экен.

Ак үйдүн босогосундагы курулуш

Бирок ошол Баш прокуратуранын козголгон ишине карабастан, бүгүнкү күнү деле курулуш жүрүп жатат. Бул тоготпогондукпу же эмне? Эл байкуш шаарды мындай коелу ээн жаткан талаадан чоң катындын көчүгү баткыдай жер ала албай, эптеп үстүнө алачык курганга зар болуп турганда бай бачалар ак үйдүн алдына сарай куруп жатканына кантип таң кала албай кое албайсың? Мурдагы шаар мэри И. Өмүркуловго кылмыш иши козголуп жаткандай болду эле эми абалы кантээр экен? Учурдагы мэр Кулматовдон да үн чыкпайт да…





Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru