Айбат » Ташболот аксакал министрди кетирип тынабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ташболот аксакал министрди кетирип тынабы?

49756_watermark_12_12_rightbottom
Депутат Ташболот Балтабаев депутат болупкелгенден бери медицина тармагына тийишкенин койбоду. Же муну ачыгын-ачык деп, министрлик да жооп кайтарбады. Кыскасы, ачыгын айтканда, башка тармактар сыяктуу эле саламаттыкты сактоо тармагы да монополялашканы калды десек жаңылыштык болбос. Анткени, министрдин айланасына чогулган душмандар ал тарапта иштегендерди кадимкидей эле коркунучка бөлөдү көрүнөт. Эң негизгиси айтпаса да белгилүү Балтабаевди кызыктырган бир гана нерсе. Балтабаевдин дары саткан чоң бизнеси бар экенин бул тармакта шугулдангандар жакшы билишет. Айрыкча, Баткен облусу боюнча он беш жылга жакын убакыттан бери Ташболот аке дары бизнеси боюнча монополист. Баткенге башка конкуренттерин киргизбеш үчүн ар кандай айла-амалдарды кылып, кара пиар уюштуруп, жандалбастап келет. Депутат болгондон бери бул кишинин дары бизнесин эки бир тууган карындаштары жүргүзүп, өзү «крыша» болуп жургөнү коомчулуктун көпчүлүк бөлүгүнө маалым. Бул бизнести андан ары жандантуу үчүн саламаттыкты сактоо министрлигине айына эки жолу “наезд” кылып турбаса, аксакалдын башы ооручу болду. Муну менен катар, асылганы борбордогу Дары дармек менен камсыздандыруу деген департаменттин ишине сын айтып, аны да бир айда эки-үч текшертип туруу депутаттык өнөрүнө айланды. Балтабаевдин бул кадамдарын коомчулук өзүнүн көмөчүнө гүл тартуу деп баалап, же министр болгусу келгенинин дайыны жок, же аталган департаментти менчиктештирүүнү көздөп жатканбы, же дары бизнесин бекемдөөнү самаганыбы, айтор медицинадан башка иш менен алек болгусу келбеген аксакал депутатты түшүнбөй башыбыз маң



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru