Айбат » Зуирдинов бийликтин эркесине айландыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Зуирдинов бийликтин эркесине айландыбы?

зурдинов

Бүгүнкү күндө Медициналык академиянын ректору Ашыралы Зуирдиновдун кызматтык мөөнөтүнүн узарышы мыйзамсыз экендиги коомдук талкууга түштү. “АКОС” аттуу коомдук бирикме аталган ректордун жашы 65тен өтүп кеткендигине карабай, бийлик анны кайрадан кызматка койду, жобо боюнча ректордун жашы 65ке чейин болушу шарт. Ал эми азыркы ректордун жашы 67де, булл конституцияны жана окуу жайдын жобосун одоно бузгандык деген доомат койду. Муну менен катар, булл бирикме ректор Зуирдиновго карата ачылган кылмыш иштери ачыкка чыкпай басылып тургандыгын билдиришүүдө. Айтымдарында, ректорду президенттин жубайы Раиса Атамбаева коргоп жаткандай. Анткени, Раиса Атамбаева Медициналык академиянын доценти, бул окуу-жайда иштейт. Зуирдинованын иш бөлмөсүн (кафедрасын) ажонукундай эле жасалгап берип, элге жасабаган мамиле жасап, чоң айлык берип, калканыч кылып алды дешет. Ошондой эле алар, Зуирдинов бир кезде атагы чыккан окуу жайдын кадыр-баркын түшүрүп, Медакадемиянын аймагынан жер тилкелерин кестирип, жеке колго сатып, спорт аянтчасын жеке менчик футболдук тала үчүн 49 жылга ижарага берип ийгендигин, мунун баарын укук коргоо органдары көрүп турса да көрмөксөн болушкандыгын, себеби, ректордун калканычы Раиса Атамбаева экендигин “АКОС”тун мүчөлөрү саймедирешүүдө. Айтмакчы, Ашыралы Зуирдинов азыркы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин апасы Мария Нанаеванын сүйүктүү окуучусу. Учурунда, Нанаева академиянын формакология кафедрасынын жетектеп, кийин ордун Зуирдиновго өткөзгөн. Кыскасы ушул кишилердин колдоосу менен ректорлукка жеткен. Нанаева азыр деле аталган окуу жайда иштейт. Демек Зуирдиновдун колдоочулары кудайга шүгүр. Мунун деми менен ал саламаттыкты сактоо министрлигинин сапаттык дары саясаты бөлүмүнүн жетекчилигин өз кишисине, Салтанат Молдоисаевага алып берүүгө өзгөчө чоң салым кошту.  Муну менен ректор Кыргызстандагы дары саясатын жүргүзүүгө куштар болууда. Аксакал катары өсүп келе жаткан муунга акыл-насаатын айтып, аларга үлгү болчу адамдын министрликтеги  кадр саясатына кийлигишип өз кишилерин түртө баштаганы эмнеден кабар берет? Же Зуирдиновго кызмат анан бийлик эле керекпи?



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru