Айбат » Премьер-министрдин келини майлуу-сүттүү орунда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Премьер-министрдин келини майлуу-сүттүү орунда

жоке

Жоомарт Оторбаев  премьер-министр болуп келгени биринчи күнүнөн тартып, саламаттыкты сактоо тармагын өз жакын санаалаштары монополдоштура башташты. Айта кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчылыгына буга чейин №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жетекчи болуп иштеп келген Калиман Маматова дайындалгандыгы жалпы коомчулукка маалым. Баарынан да Калиман айым премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин келини экендиги баса белгиленип, массалык маалымат каражаттарында чоң талкууга алынды. Убагында бул дайындоо эч кандай конкурссуз эле жүргүзүлгөндүгү медицина тармагында эмгектенгендерди катуу капа кылды. Эмне, кайынагасы премьер-министр болсо эле, кызматтан кызматка секире береби дегендердин саны арбын. Калиман айымды министр 7-апрель күнү өзүнө чакырып алып, эч бир макулдашуу жок эле экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин кетиши, анын ордуна Оторбаевдин дайындалаары замат конкурссуз бөлүм башчы кылып койгон. Министрдин билдирүүсү боюнча, экс-бөлүм башчы андан бир кун мурда эле өзыктыяры менен жумуштан кетүү жөнүндө арызын бергендигине байланыштуу болгон. Бул жерде чоң шеек жараткан бир суроо туулат. Анткени, кандай гана болбосун, ойлонгон адамга Оторбаевдин келиши менен мурдакы бөлүм башчынын арыз жазуусу чоң шекти жаратып, эртеси келининин бул кызматка келгендиги кызыктырат. Эскертекетсек, Калиман Маматова отурган бул кызматты ага чейин Мавлюд Шахнабиев ээлепкелген. Ал эми Шахнабиевге чейин, депутат Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтомаматова жетектеген. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек мырзанын  казаны кайнап турганда, жубайы Токтомаматованын аталган бөлүмдү жетектеши бул кызматтын оңой эмес экендигинен кабар берет. Себеби, бул креслонун майлуу-сүттүү экендигин жогорку кызматка келген чиновниктердин жакындарын ушул оорунга түртүшү менен айгинелесек  болот.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru