Айбат » Марста ичүүчү суунун белгилери табылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Марста ичүүчү суунун белгилери табылды

марс

Марста 10 жылдан бери изилдөө жүргүзүп жаткан “Оппортьюнити” деп аталган планетаны изилдөөчү америкалык аппарат окумуштуулар калкы үчүн изилдөөнүн жаңы предметин тапты. Ал – көп убакыт сууда жаткандай белгилери бар таш болду, деп билдирет Лента.ру.

“Бул өтө кызыктуу табылга. “Оппортьюнити” мурда таш тапкан, бирок, азыркыдай эмес болучу. Чындыгында, таптаза суу эмес, күкүрт кислотасынын суу аралашмасы. Чопо аралашкан түрлөр pHтын нейтралдуу көрсөткүчү менен пайда болот. Ичүүгө боло турган ушундай сууда гана органикалык жашоону пайда кыла турган пребиотикалык процесстер жүрүшү мүмкүн “,-деп түшүндүрдү долбоордун илимий жетекчиси Стив Сквайрс.

Учурда марсоход кратердин чекеси менен жылып, изилдөөнү улантуу тапшырмасын алды. Окумуштуулар аталган планетанын жаңы жерлеринен тереңирээк жайгашкан табылгалар чыгып калат деген үмүттө.

Нью-Йорк штатындагы Корнель университетинин профессору Стив Сквайрс “Esperance” деп аталган бул таш Марстагы ири делген беш ачылыштардын бири экендигин айтты.

“Ушинтип, кичинеден кураштырып отуруп, балким, булардын кантип пайда болгондугун таап чыга алабыз. Ал көлдөн калган калдыкпы же дарыя менен агып келдиби, а балким булактан чыккандыр “,-деп бул тармакка кызыккандардын кызыгуусун арттырып долбоордун илимий жетекчисинин орун басары Рэй Арвидсон.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru