Айбат » Саясатты таштайлы, жаңы жашоо баштайлы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Саясатты таштайлы, жаңы жашоо баштайлы

КыргызстанКөз карандысыз мамлекет катары кадам таштагандан берки 20 жылдан ашуун убакыт биз үчүн, жалпы Кыргызстандын жарандары үчүн өтө чоң сабак болду. Ушул мезгилден бери кызыл-чеке болуп саясатта кайнап, кетмен-күрөк көтөрүп маңдай терибизди агызгандан көрө, бийлик үчүн күрөшкөн саясатчылардын жетегине азгырылып, колубузга таш, бөтөлкөлөрдү кармап алып, митингге чыгып баш-аламандык салганга өттүк. Биз канчалык эмгектенүүдөн качып, жаз-күз мезгилдеринде митингге чыгып «акча табабыз» деген сайын мамлекетибиздин бедели түшүп, экономикабыз оорлоп, эртеңибиз бүдөмүк болуп бара жатканын кайда катабыз? Бийлик үчүн күрөшкөн саясатчыларыбыздын чыныгы максаты – Кыргызстандын кызыкчылыгы эмес, жеке кызыкчылыктары экендигине, эптеп майлуу-сүттүү кызматтарга илээшип алып, элдин эсебинен баюу экендигине көзүбүз жетти. Биз эки-экиден тирешип, бири бийлик, бири оппозиция болуп чабышып атканда, эгемендик алган жылдары биз менен бир катарда турган коңшулаш мамлекеттер тынымсыз эмгектенүү менен ат чабым алдыга озуп кетишти. Буга коңшулаш Казакстандын бүгүнкү күндөгү деңгээли айкын мисал болуп бере алат. Алар күч бирдикте экендигин, биргелешип гана мамлекетин көтөрө ала тургандыгын абдан жакшы түшүнгөндүктөрүнөн улам өнүгүү жолуна түшүштү.

Эми жакшылап баам салып көрөлүчү. Алар деле СССР ыдыраган тушта биз сыяктуу эле экономикалык оор абалда калган болчу. Арадан 20 жыл өтүп-өтпөй Казакстандын Астана шаары таанылгыс болуп курулду. Биз болсо мурдагы кооз шаарыбызды да жөндөп сактай албай, кейпин кетирип алдык. Мунун себеби эмнеде болушу мүмкүн? Бизде төрт кыргыздын башы бириксе, анын үчөө өзүн жолбашчы катары көргөндүгүндө болууда. Өз деңгээлине өзү туура баа берген саясатчыларыбыз өтө аз. Курулай амбициясы менен бийликке келгиси келгендер арамдан таап алган акчаларына элди тукуруп, өлкөбүздүн стабилдүүлүгүн бузууга ар дайым далалат жасап келет. Жыйынтыгында экономикалык жактан эч кандай алдыга жылыш жасай албай, отурган ордубуздан улам артка очорулуп бара жатабыз. Кыргызстанда чыныгы демократияны орнотобуз деген шылтоолор менен чет элдик түрдүү күчтөр айрым саясатчыларды каржылоого алып жаткандарын көрүп атабыз. Алардын акчалары менен «өздөн чыккан жаттар» кыргыз элинин эртеңине балта чаап атышкандарын байкабай жатышкансыйт. Ошол эле учурда бир тууган казактар 20 жылдын ичинде экономикалык оор абалдагы өлкөнү ирдентип койсо боло тургандыгын тастыктады. Андыктан мына ушул ызы-чууга, бийлик талашууга, ашынган амбицияларга алдырып жоготкон 20 жылдан ашуун убакыт ар бирибизге сабак боло тургандай учур келди. Биз мындай абалдан өзүбүз гана чыкпастан, сырттан бирөө келип чыгарбайт. Коңшулаш мамлекеттер үчүн дагы, алыскы үлкөн мамлекеттер үчүн дагы Кыргызстандын тагдыры чындай келгенде бир тыйын экендигин эске алалы.

Бизде адам укугун коргомуш болуп, чыныгы демократияны орнотобуз деген шылтоолор менен жүргөн чет элдик шылуундар Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүн эмес, анын жок болуп кетишин, өз улуту ким экендигин билбей калышын гана каалашат. Буга бүгүнкү күндө өтүп аткан түрдүү нааразычылык акциялары мисал болуп бере алат. Кыргыз элинде эч качан гомосексуалисттер болгон эмес. Андайлар эч качан «биздин укугубузду тебелебегиле» деп ачыкка да чыга алган эмес. Тилекке каршы демократияны шылтоолоп, кыргыз элинин нарк-насилине доо кетире турган жагдайлар түзүлүүдө. Андыктан терең ойлонолу. Бийлик дагы, оппозиция жүргөндөр да Кыргызстандын атуулдарыбыз. Бүгүнкүдөй калпыс кадамдарыбыз менен мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алып, алаканыбызды шак коюп, көчүгүбүздү жерге так коюп калганда баары кеч болуп калат. Биз илгертен айтылып келе аткан жомоктогу абышканын тогуз баласындай болуп, тогуз жакты карап жүрө берсек, сырттан карап тургандар аяп койбойт. Кайра бирибизди бирибизге тукуруп турат. Эгерде тогуз табылгыдай болуп бириге алсак, бизди эч ким сындыра албайт. Ошондуктан ата-бабаларыбыз «күч бирдикте» деп айтып келишкен эмеспи? Эгерде бүгүндөн баштап бардык саясый оюндарды жыйыштырып, ар кимибиз өз деңгээлибизге, шыгыбызга жараша эмгектене билсек, дагы жыйырма жылдан кийин бүгүнкү күндөгү Казакстандын деңгээлине жетип барабыз. Муну турмуш өзү тастыктап отурат. Ал үчүн ким эмнеге шыгы бар экендигин жакшы билиши керек. Эгерде бизнеске шыгың бар болсо, саясатты жыйыштыр да бизнесиңди гүлдөт. Дыйканчылыкка шыгың болсо, жер айдап, эгин эк. Ал эми саясатты чындап эл үчүн иштей турган, курулай популизмден алыс, интеллектуалдык деңгээли жогору, маданияттуу инсандарга тапшыралы. Ошондо гана биз мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдей алабыз. Болбосо азыркыдай темп менен жүрүп отурсак, дагы 20 жылдан кийинки Кыргызстандын тагдыры кандай болору белгисиз.

Айбат гезити №75




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru