Айбат » «Б.Аманбаев – мен сыймыктанган Омбудсмен» дейт Р.Жээнбеков. Көрсө…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Б.Аманбаев – мен сыймыктанган Омбудсмен» дейт Р.Жээнбеков. Көрсө…

Аманбаев БакытБатышчыл саясатчы, ЖКдагы «эрке талтаң» депутат Равшан Жээнбеков «Фейсбуктагы» баракчасында  Акыйкатчы институтунун жетекчиси Бактыбек Аманбаевди байдын эрке кызындай мактап, аны «эл баатырына» теңеп жибере жаздады. Бактыбек мырза Р.Жээнбековго кайсы жагынан жакканын так айта албайбыз бирок, бир окшоштукту көрүп оозубуз ачылды.

Акыркы мезгилде гомосексуализмге каршы акциялар байма-бай өтүүдө. Буга байланыштуу Равшан Бабырбекович «ЭлТР» телеканалы аркылуу үн катып, бачабаздар оорулуу экенин, аларды айыктырыш керектигин айткан болчу. Ал эми Б.Аманбаев жергиликтүү сайттардын бирине курган маегинде гомосексуализмге байланыштуу пикирин ортого салып, эгер кимде ким ал жетектеген мекемеге кайрылса, укугун коргоого даяр экендигин жашырган эмес. Ал өз сөзүндө адамдын жынысына, расасына, тилине, туткан динине карабастан Баш мыйзамда көрсөтүлгөн мыйзамдардын чегинде корголорун баса белгилеген. Биздин укуктарыбызды ким коргойт жолдош мырзалар?

Айбат гезити №75



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru