Айбат » Дастан Жумабеков Таластагы Шыралжындын артында турганын танбай эле койсун…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Дастан Жумабеков Таластагы Шыралжындын артында турганын танбай эле койсун…

Жумабеков ДастанПарламенттин 23-апрелдеги жыйынында «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкууланды.

Жыйында «ата журтчу» Дастан Жумабеков жергиликтүү бийликтин сунушу менен лицензияларды кайта чакыртып алуу жагын мыйзам долбооруна кошуу демилгесин көтөрдү. “Жер-жерлерде кен казуу маселесине байланыштуу көйгөйлөр көп катталууда. Кендин казылып алынышына каршы болгон эл келип эле акимден же айыл өкмөтүнөн иштетилип жаткан кенди жабууну талап кылышууда. Андыктан лицензияларды чакыртып алуу мүмкүнчүлүктөрүн жергиликтүү бийликке берсек кандай болот? Мындай ыкма силердин дагы ишиңерди жеңилдетмек” дейт эл өкүлү. Ал эми мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев Д.Жумабековдун сунушуна каршылыгын билдирди.

«Дастан Артисбековичтин минтип «чыркыраганы» бекер эмеспи?» деген күдүк ой жаралат.  Анткени 3-апрелде Таластын Бакай-Ата районундагы Шыралжын алтын кенине байланыштуу болгон митингде ЖК депутаттары Равшан Жээнбеков менен Дастан Жумабековдун катыштыгы бардыгын маалымат каражаттары жакшы эле чуулдатышкан. Ошондогу максаты жүзөгө ашпаган Дастан мырза эми мыйзамдуу жол менен кендерди иштетүүгө бөгөт коёюн дегендегисиби?

Айбат гезити №75



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru