Айбат » Талип Ибраимов: “Ар бир саясатчы мамлекетин чындап ойлосо, өздөрүнүн дараметине жараша кызматка аракет кылсын”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Талип Ибраимов: “Ар бир саясатчы мамлекетин чындап ойлосо, өздөрүнүн дараметине жараша кызматка аракет кылсын”

Ибраимов Талип- Талип мырза, өз алдынча мамлекет болгонубузга 20 жылдан ашса да, экономикабыз көтөрүлбөй, дагы деле кыйналган турмушта жашап атканыбыздын сыры эмнеде деп ойлойсуз?

– Биринчиден, биз карапайым жарандар дагы ар дайым эле өкмөткө доомат артканды адатка айлантып алдык. Өзүнө-өзү доомат коё турган адам жок. Табият кырсыгы болуп кетсе деле, эки адам урушуп кетсе деле өкмөткө асылабыз. Мындай дооматчылык чума оорусундай эле каптап кетти. Тытынып эмгек кылайын деген адам жок. Биз бала кезде иним экөөбүз эле 30 соток жерди күрөк менен эле казып, айдай турган нерселерди айдап койчубуз. Эч кандай тракторду деле күтчү эмеспиз. Азыр болсо, «трактор жок, күйүүчү май жок» деп эле жатып алышат. Жок болуп жатса, аны табуунун башка бир жолун караштыргандан эринишет. Анан өкмөткө доомат артышат. Ушундай кантип болсун? Анан алардын дооматтарын саясатчылар курал катары пайдаланып кетишет. Азыр көбү ак эмгек менен мээнет кылганча, митингге чыгып акча тапканды оң көрүп калышкандай. Анан ушундай жол менен бара берсек, кантип оңолмок элек?

- Бүгүнкү күндө бийлик-оппозиция болуп бөлүнүп алып, чабышып аткан саясатчыларга кандай кеңеш айтат элеңиз?

– Ынтымак жок болуп атат. Биз бийликке адамдарды тандаганда үч талап менен тандашыбыз керек. Биринчиси, анын профессионалдык жөндөмүнө, экинчиден уюштуруучулугуна, үчүнчүдөн адамгерчилигине. Ошондо гана башкаруу системасына таза инсандар келет. Бизде болсо тескерисинче регионалдык бөлүнүү деген балээ пайда болду. Аны да эл эмес, ошол бийликтен көзү каткан саясатчылар жасап атат. Айрымдар алфавитти жаттап алса эле, өздөрүн интеллекттин туу чокусуна чыгып калгандай сезип атышат. Андыктан мен ар бир саясатчы эгерде мамлекетин чындап эле ойлосо, өздөрүнүн дараметине жараша кызматка аракет кылышса дегим келет. Ынтымакка келип, чындап билимдүү, уюштургуч, таза инсандарды тандап, алар менен атаандаша бербей алдыга түртүшсө жакшы болот. Анан дагы элибиздин жашоосу оңолушу үчүн коомдук сезим деген болушу керек. Мисалы, көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар өздөрүнүн короосунда турган бак-дарактарды сугарып коёлу дешпейт. Андан көрө митингге чыгып, миң сом таап алалы деп ойлошот. Андыктан элибизде коомдук сезимди да ойготуш керек.

Айбат гезити №75



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru