Айбат » Владимир Мамонтов: “Жалган билдирүү тараткандыгы үчүн ММКнын жоопкерчилигин күчөтүү мыйзамын туура эле карайм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Владимир Мамонтов: “Жалган билдирүү тараткандыгы үчүн ММКнын жоопкерчилигин күчөтүү мыйзамын туура эле карайм”

Мамонтов Владимир«Мен жалган билдирүү тараткандыгы үчүн ММКнын жоопкерчилигин күчөтүү законуна туура эле карайм», – дейт «Известия» гезитинин президенти Владимир Мамонтов «24.kg» маалымат агенттигинин корреспондентинин суроосуна берген жообунда.

Анын сөзү боюнча акыркы жылдарда ММК «жарыяланган жана билдирилген маалыматтар үчүн жоопкерчилик тартуудан калды». «Өзүңдүн сөзүң үчүн жооп беришиң керек. Коркунучтуу советтик бийлик маалыматты кайра текшерип чыгууну үйрөткөн. Бул абдан туура болгон. Андыктан маалыматты 10 жолу кайра текшерип чыгуу керек, ошондо гана көйгөй жаралбайт. Эгерде саясатчынын сөзүнө эч кандай тактама жок болсо, анда андай маалыматты жарыялабагыла» деп чакырат Владимир Мамонтов.

«Бизде сөз эркиндиги деген лозунгдун алдында эмне кааласа бардыгы болуп атат. Мен өздөрүнүн күнүн сөз эркиндиги гимнинен баштаган либералдык каналдарды билемин. Бирок, ал жакта өздөрүнөн башканын бардыгы бар. Ал жакта бир жактуу гана көз караштар чагылдырылат. Мына ушул сөз эркиндигиби? Эгерде сиз бардык колго тийген маалыматтарды текшерип жана кайра текшерип турсаңыз, анда эч кандай маселе жаралбашы керек. Албетте, татаалдыктар болот, бирок аны чечип коюуга болот» деп кошумчалады ал.

Айбат гезити №75




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru