Айбат » Ташиевдин рогатка ала чуркаган уулун армия тарбиялайбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ташиевдин рогатка ала чуркаган уулун армия тарбиялайбы?

Ташиев Тай-Мурас«Ата журтчу» Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын армияга кызмат өтөгөнү кеткенин «Майдан.kg» гезити «сенсациялуу» жаңылык катары жарыялаптыр.

Бул басылманы бир чети туура түшүнөбүз, Камчыбек Кыдыршаевич демөөрчүлүк кылып, багып жаткан соң аны мактабаганда кимди мактайт? Бирок, мактайт десе эле «байдын тойдо «тыйт» эттирген кызындай» көкөлөтө бериштин кажети канчалык? Себеби жеке эле Ташиевдин уулу эмес, Кыргызстандагы бардык уландар аскердик кызмат өтөгөнгө милдеттүү. Же Тай-Мурас элден бөлөкчө жаралганбы? Эгер Камчыке кызын аскердик окууга жөнөтүп жатса бир жөн.

Пикет-митингдерде «рогатка» алып чуркаган Тай-Мурасты аскердик жашоо тарбиялаар бекен? Же кантип шадыраңдап кетсе ошол кейпинде кайтып келеби?

Айбат гезити №75




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru