Айбат » «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынан Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери үчүн акция

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынан Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери үчүн акция

Эйр Кыргызстан«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясы Улуу Ата-Мекендик согуштун 69-жылдыгына карата ардагерлер үчүн салтка айланып калган акциясын жүргүзүшүүдө. 23-апрелден тарта 11-майга чейин Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын өздүк рейстерине жеңилдетилген авиа билеттерди ала алышат. Ал билеттерди ардагерлер 1-майдан тарта 11-майга (11-май да ичинде) чейин колдоно алышат.

«Бул акция биздин авиакомпания үчүн салтка айланып калды. Биз Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жалпы советтик элдердин оор кырдаалындагы көрсөткөн эрдиктери жана эр жүрөктүүлүктөрү үчүн чексиз ыраазычылык билдиребиз. Бардык Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын урматы үчүн «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясы Жеңиш күнүн Москвада жыл сайын өтүүчү Жеңиш Парадына катышууга, же болбосо фронтто бирге болгон достору жана туугандары менен жүз көрүшүүсүнө бардык ардагерлерге мүмкүнчүлүк түзүп берет» – деп билдирет «Эйр Кыргызстан» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Э. Бектурганов.

Акциянын катышуучулары бир багытка, же болбосо барып кайра келгени үчүн бекер уча алышат:

– «Эйр Кыргызстандын» ички рейстери боюнча – Бишкек-Ош-Бишкек;

«Эйр Кыргызстандын» бардык эл аралык рейстерине: Москва, Белгород, Минералдык суулар, Ташкент, үрүмчү, Краснодар, Сүргүт.

Акцияга Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген Улуу Ата-Мекендик согуштун бардык ардагерлери катыша алат. Бул акциянын авиабилеттерин бир гана Бишкек шаарындагы Манас проспектиси 12а дарегинен алууга болот. Авиабилетти алуу үчүн жүргүнчүлөргө Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери деген документи талап кылынат.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №75




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru