Айбат » Д.Үсөнов мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Д.Үсөнов мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратылды

Үсенов

Бишкектин Биринчи май райондук соту 7-июнь күнү Үсөнов Данияр Токтогуловичке карата өкүмүн угузду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Чечимге ылайык, Д.Үсөнов Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылга жана 305-2-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча 5 жылга эркинен ажыратылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде дайындалган жазалардын бөлүктөрүн кошуу жолу аркылуу, акыркы чечим менен Д.Үсөнов мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимде жазасын өтөөгө он беш жылга эркинен ажыратылды.

Д.Үсөновго карата кабыл алынган баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калтырылды.

Өкүм жарыяланган күндөн тартып Бишкек шаардык сотунда 10 күндүн ичинде даттанууга жатат.

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru