Айбат » Руслан Кутсаев: “Түшүмдө Манас аян берип, Манас айтып келем”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Руслан Кутсаев: “Түшүмдө Манас аян берип, Манас айтып келем”

Кутсаев Руслан“Калыс” саясий кыймылынын демилгеси менен “Кыргызстандын келечеги биримдикте” аталышта жыйналышы болуп өттү. Мен бул жыйналышка катышкан элем, ал жерде көптөгөн жакшы  максат тилектер айтылды. Жыйналышка келген диаспоралардын, келген коноктордун, жаштардын жүрөгүнө жетти десем жаңылышпайм. Мени бул жыйналышта таң калтырган нерсе көп эле диаспоралардын өкүлдөрү келишти. бирок, чечен элдик диаспорасынын өкүлү келип, келген конокторго “кыргыз” тилинде сөз сүйлөп тим болбостон, кыргыздын рухий океаны болгон манасты айтып, келген элди таң калтырды. Азыркы биздин “киргиздерге” караганда кыргыз тилин так даана сүйлөгөн чечен өкүлү Русланды маекке тарттык.

- Саламатсызбы Руслан мырза. Ушул жыйналыш боюнча оюуңузду айта кетсеңиз?

– Мен бул ынтымак жыйналышын колдойм, Жеңиш Молдокматов менен таашышып пикир алмаштык. Мындан кийин дагы ушундай жыйналыштарды көп уюштурса демекмин, бул жакта дагы көптөгөн элчиликтердин өкүлдөрү келиптир, бул эң жакшы, кыскасы колдойбуз.

- бул жыйында кыргыздын Манасын айтып көрүүчүлөрдү таң калтырдыңыз, манасты канча жашыңыздан баштап айтып баштадыңыз эле?

– Мен манасты 8-класстан баштап айтып баштадым. Ошондон баштап жаттап айтып келем. Анан бир күнү эле аян берип түшүмө кирди, ал түшүмдү атама айткам. Атам кыргыздын каада салтын жакшы билген адамдан сураптыр. Ал киши “андай аян чанда гана адамдарга кирет экен” деп айтыптыр. Ошондон бээри айтып келе жатам.

- Маегинизге рахмат.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №75




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru