Айбат » Экс-министр Н.Сулаймановго үч эпизод боюнча айып тагылып, издөөгө алынды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Экс-министр Н.Сулаймановго үч эпизод боюнча айып тагылып, издөөгө алынды

Сулайманов НурланКыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2014-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин мурдагы министри Нурлан Сулаймановго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 304- берененин 4-бөлүмү менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) үч эпизод аркылуу сырттан айып такты.

Маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча ошол эле күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен Н. Сулаймановго сырттан камакка алуу чарасы чыгарылып, ал издөөгө алынды.

Буга чейин мурдагы министр Н. Сулаймановго карата КР Кылмыш-Жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү жана 304-берененин 4-бөлүмү аркылуу кылмыш иши козголгону билдирилген. Кылмыштар төмөнкү фактылар боюнча: транспорт жана коммуникация Министрлигинин жогорку кызматтык адамдары тарабынан 2008-жылы республикалык бюджеттен 250 миллион сомго жол-курулуш техникалары жана жабдууларын сатып алуудагы мыйзам бузуулар, ошондой эле 2007-жылы өткөрүлгөн тендер фактысы боюнча жана КР МТиК жол битумун алууда пайдасыз келишим түзүлгөндүгүнүн натыйжасында мамлекетке 15 миллион 483 миң 998 сом чыгым алып келген. Жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн Н. Сулаймановдун кылмыш аракеттери аркылуу мамлекеттин кызыкчылыгына жалпы жонунан 41 миллион 220 миң 25 сом зыян алып келген. Тергөө уланууда.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №75




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru