Айбат » Аида Салянова: «Келдибеков ЖКнын Москвадагы өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачкан»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Аида Салянова: «Келдибеков ЖКнын Москвадагы өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачкан»

Салянова АидаЖогорку Кеңештин кечээги отурумунда «Ата журтчу» Акматбек Келдибековдун маселеси боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралды. Жыйында Башкы прокурор Аида Салянова сөз сүйлөп, А.Келдибеков кандай мыйзам бузууларга барганын четинен тизмектеди.

Аида Жеңишбековнанын айтымында, Парламенттин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн ачылышы мыйзамсыз болгон. Жалпы жонунан 10дон ашуун кызматкер өкүлчүлүккө жумушка орношконуна токтолгон А.Салянова аларды багуу үчүн 2011-жылы өлкө казынасынан 13,6 млн. сом бөлүнгөнүн билдирди. Баарынан кызыгы, өкүлчүлүктүн сегиз кызматкери мурда-кийин дипломатия жаатында эмгектенген эмес, алар А.Келдибековдун жакын адамдары болгону үчүн гана жумушка алыныптыр.

Атайын өкүлчүлүктүн ачылышынын мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссия кызматкерлердин айлык акысы өтө жогору коюлганын тактаган. Мисалы, атайын өкүлчүлүктүн жетекчисинин айлыгы 135 миң сомду түзгөн, ал эми катардагы айдоочусу 50 миң сомдук маяна алган. Мыйзам боюнча, кызматкерлер Москвада иштеп жашашы керек болсо, турмуш жүзүндө алардын дээрлик бардыгы Москвада эмес, Бишкекте жүрүшкөн. 8 кызматкердин эмне иш аткарганы тууралуу отчёт жок. Ошондой эле Эсептөө палатасы Атайын өкүлчүлүктүн ачылышы өлкө казынасына 8-9 млн. сомдун тегерегинде зыян келтирген. Ал эми аталган өкүлчүлүктү асыроого 2012-жылы 29,5 млн. сом бөлүү пландалганы маалым. Ушул жерден Асылбек Жээнбеков ЖК төрагалыгына шайланары менен атайын токтомдун негизинде өкүлчүлүктү жапканын эскерте кетели. Эгер өкүлчүлүк жабылбаганда, 29,5 млн. сом да максатсыз жумшалмак.

Башкы прокурордун позициясын «Ата мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да колдоду. А.Келдибековдун Москвадагы өкүлчүлүктү мыйзамсыз ачканын билдирген Текебаев ар бир адам кетирген кемчилиги үчүн мыйзам чегинде жооп бериши керектигин кошумчалады.

Талкуунун башталышында Надира Нарматова, Бөдөш Мамырова, Жылдызкан Жолдошева сыяктуу депутаттар Башкы прокурорго сөз бербей, А.Келдибековго ачык жан тартышып, акталышын көздөп жатышкандай. Деген менен, депутаттык комиссия да атайын өкүлчүлүктү ачууда финансылык мыйзам бузуулар болгонун ырастады. Демек, Аида Жеңишбековна депутаттардын кысымына карабастан, ишти аягына чыгарышы керек. Эгер эл өкүлдөрүнүн кысымына алдырса, анда коррупцияга каршы күрөшүү жараянына доо кетет. «Биз таза коом курабыз, коррупциянын тамырын кыркабыз» деген ураанды аягына чейин жеткирүү үчүн мындан бөлөк жол жок.

Айбат гезити №75



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru