Айбат » Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков 77 жаш курагында каза болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков 77 жаш курагында каза болду

Абдуразаков ИшенбайИшенбай Абдуразаков 1937-жылдын 12-августунда Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында туулган. 1970 ж. – СССР Тышкы иштер министерствосунун борбордук аппаратында дипломатиялык жумушта, Япониядагы элчилигинде, Саппоро шаарындагы СССРдин Генералдык консульствосунда, үчүнчү катчыдан Генералдык консулга чейин кызматтарда иштеген.

1986-1990 жж. – СССР Тышкы иштер министерствосунда Япония секторунун башчысы, кеңешчиси.

1990 ж. – Саппородогу СССРдин Генералдык консулу, 1992-1994 жж. Россия Федерациясынын Генералдык консулу булуп даындалган.

1994 ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт-даанышман, КР Президентинин кеңешчиси.

1996-1999 жж. – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы.

Коомдук иштерди да алып барууда, “Кыргызстан-Япония” коомунун Президенти, Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин камкорчулар кеңешинин мүчөсү, Адилет жана прогресс партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.

Анын ишмердүүлүгү Кыргызстанда “Данакер” ордени, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, “Түгөлбай Ата” эл аралык коомунун алтын медалы менен белгиленген.

Айбат гезити №75



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru