Айбат » Асылбек Токтогулов: “Профсоюздардын ишмердүүлүгүн укуктары корголгон эмгекчилер гана баалай алышат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Асылбек Токтогулов: “Профсоюздардын ишмердүүлүгүн укуктары корголгон эмгекчилер гана баалай алышат”

Токтогулов АсылбекБиздин гезиттин  өткөн сандарында Кыргызстандагы профсоюздардын укуктук жактан эмгекчилерге  кандай жардам, колдоо көрсөтүлүп атканын  тууралуу коомчулукту маалымдап келгенбиз. Ал эми бул санда профсоюздардын жалпы ишмердүүлүгү боюнча, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов менен маектештик.

- Асылбек Токтогулович, акыркы учурларда профсоюздарга карата көп эле сын-пикирлер айтылып келет. Бирлери “профсоюздар мурдагыдай иштебей калды” десе, башкалары “укуктарды коргой албаган профсоюздардын кереги барбы?” деп айтышат. Ошол айтылып аткан сын-пикирлер туурабы, же туура эмеспи? -деген суроолордон маекти баштасак.

– Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын позициясы боюнча, сын-пикирлер, тилекке каршы айтылып жатат деген ойдон алыспыз.  Тескерисинче, кандай гана учур болбосун, кандай гана жетекчилик болбосун, сын-пикирлер болмоюнча иш жүрбөйт эмеспи. Бирок, ошол эле учурда, ар бир айтылган сындуу сөз, орду менен, далилдүү жана конструктивдүү болуусу абзел. Ошондой боло турган болсо, биз албетте сындуу пикирден тышкары, сунуштарды да угууга ачыкпыз.

Андан тышкары, профсоюз уюмдарына дарегине карата айтылган ар кандай сын-пикирлерди угуп келе атабыз. Айрым эргулдар, «атың чыкпаса – жер өрттө» деген принцип менен чыгып жүрүштү. Профсоюз десе эле, баягы союз  кезинде бул уюм тарабынан таркатылган путёвкаларды эстейт. Арийне, баары өз учуру менен эмеспи, профсоюз уюмдарында өз башынан өткөөл мезгилди да кечирди. Кыргызстан профсоюз уюмдары  “иштебей калды” же “үнү угулбай калды” дегендер өтө терең жаңылышат жана профсоюз уюмдарынын милдети жана жоопкерчилиги тууралуу маалыматы аз адамдар болушу мүмкүн. Профсоюздардын ишмердүүлүгүн  укуктары корголгон эмгекчилер гана объективдүү баалай алышат. Андайлардын саны учурда арбын. Мисалы, профсоюздар Федерациясынын расмий сайтынан жана массалык маалымат каражаттарында бул боюнча кенен маалыматтар бар.  Өзүбүздүн эң башкы милдетибизди – эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелер чөйрөсүндө эмгекчилердин укуктары менен таламдарын ишенимдүү коргоп келе жатабыз.

- Өзүңүзгө белгилүү болгондой, кайсыл уюм болбосун, өзүнүн ишмердүүлүгүн начар деп баалабайт. Анткени менен, ишмердүүлүк жөнүндө сөздөр айтыла берет, кылып аткан иштериңиздер боюнча конкреттүү маалымат берсеңиздер, өзгөчө акыркы учурда кандай жетишкендиктер болду?

– Коомчулукка жана сизге эки багыттуу  гана мисалдарды келтирейин. Биринчиси конкреттүү мисал, өткөн 2013-жылдын август айында Кыргызстан Профсоюздар Федерациясына Бишкек шаарынын № 64-бала бакчасынын башчысы жумуштан негизсиз бошотулгандыгы тууралуу жардам сурап кайрылган. Биздин укук боюнча инспекторлор баардык документтер изилденгенден кийин, кайрылган адам жумуштан негизсиз бошотулган деп табылып, аны жумушка кайрадан алуу жөнүндө Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгына эскертүү жиберилген. 2013-жылдын сентябрь айынан тарта ал киши, өз укуктарын коргоо боюнча Ленин райондук сотуна кайрылган. Сотто анын кызыкчылыгын профсоюздар федерациясынын укук боюнча инспекторлору коргогон. Соттун жүрүшүндө №64-бала бакчасынын башчысы, негизсиз жумуштан бошотулгандыгы тууралуу далилдер жетиштүү берилген. Ленин райондук соту, доо-арызды канааттандырып, жумуштан бошотуу жөнүндө буйрукту негизсиз деп тапкан. Д. Джугашбаеванын жумушка чыкпай калган күндөрүнө орточо айлыгын төлөп берүүнү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгына милдеттендирген. Ошол сыяктуу, укук коргоо боюнча мисалдар арбын, анын баарын айта берсек, гезитиңерге батпай калат. Кыскартып айтканда, эмгек мыйзамдарынын бузгандыкка байланыштуу бир топ уюм жана мекемелердин жетекчилери жоопкерчиликке тартылып, арасында ээлеген кызматынан бошогондор да бар.

Андан тышкары, ААК «Балыкчы эт комбинаты» мекемесинде иштеп жүрүп Ж. Дыйканбаева жана Г. Алымбекова колдорунан ажырап, эмгектик майып болуп калышкан.  Эмгектин майыптары болгон жарандардын укугун коргоо үчүн Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын эмгектин техникалык тескөөчүлөрү жардамга барышып, тебеленип жүргөн майыптардын укугун бир нече соттон   сактай алышты. Баардык соттордон туура чечим майыптар тарабына чечтиргенге үлгүрүшкөн.

Экинчи, конкреттүү мисалыбыз, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын эл аралык профсоюздук уюмдар жана эл-аралык өнөктөштөр  менен мамилелерди чындоо, бекемдөө, жаңылануусу. Апрель айынын башында, биздин профсоюз Федерациясы, Молдованын улуттук профсоюздар Конфедерациясынын өкүлдөрүнүн чакыруусу аркылуу, расмий делегация барып, кесиптештердин кылып аткан иштерин көрүп, пикир алмашып келдик. Алар менен биз туруктуу өнөктөштүк келишимге кол коюлуп, мындан улай байланыштарыбызды бекемдөө максатында бир катар иш-чараларды чогуу өткөрүү долбоорлоп келдик.

Эл аралык кызматтык – маанилүү багыт болгондуктан, биз жакынкы жана ыраакы чет мамлекеттеринин  проф борборлорунун иш  тажрыйбасын үйрөнүү, маалымат алмашуу, профсоюз кадрлардын кесипкөйлүк квалификация өстүрүү, эки тараптуу байланыштарды эмгекчилер укуктук, социалдык жактан корголуусун жакшыртуу, коомдо стабилдүүлүктү камсыз кылуу жана республикабыздын эл-аралык кадыр-баркын көтөрүү максатында байланыштарды бекемдеп турабыз.

Ушундан улам биздин Федерация Россия, Белоруссия, Украина, Казахстан, Грузия, ж.б., профборборлору менен биздин кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдерибиз укукту жактоо маселелери каралган. Эл аралык чөйрөдө кызматташуубуздун маштабы кеңейип жаткандыктын көрсөткүчү катары Эмгектик эл аралык уюму менен байланышы бекемделип бара жаткандыгын Кыргызстан профсоюздар Федерациясы жер шаарындагы эң чоң профсоюздук бирикме-Профсоюздардын бүткүл дүйнөлүк  конфедерациясына ассоцияланган мүчө болуп кабыл  алынгандыгын  белгилесек болот.

- Сыртка чыгып, эл-аралык байланыштарды чындоо жана бекемдөө албетте керек, ошону менен бирге Кыргызстандын аймактарында профсоюздук ишмердүүлүктүн жагдайы кандай деңгелде?

– Ошол эле учурда, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кеңеш мүчөлөрү ар бир ай сайын, өлкөбүздүн аймактарына чыгып, жер-жерлердеги болуп жаткан уюштуруу жана белгиленген иш-чаралардын аткарылышы менен таанышып турат.

Андан тышкары, жер-жерлерге чыгуу максаттарынын бири, аймактык баштапкы профсоюз уюмдардын, катардагы мүчөлөрү менен ишти жакшыртуу багытында маектешип, алардын сунуштарын кабыл алып, жергиликтүү иш-чараларга катышып жана байланыштарды бекемдеп турабыз.

Мисалы, апрель айынын башында, биз Талас облусуна барып келдик. Талас жергесинде, 300дөн ашуун тармактык профсоюздук баштапкы уюмдардын  мүчөлөрү менен кенен маек курдук. Профактивисттер менен жолугушуу учурунда, алар съезде бизге берген тапшырмаларды, үч тараптуу Генералдык макулдашууну, профсоюздук уюмдарды реформалоо жана башка маселелер туурасында, чогулган элге маалымат берип келдик. Иштин көптүгүнө карабастан, ай сайын мен аймактарга чыгып, жер-жерлердеги профсоюздук лидерлер менен гана эмес, катардагы мүчөлөр менен жолукканга аракеттенем.

- Маектин соңунда, Сизге төмөнкүдөй суроо берет элем. Мындан 1-2 апта мурун кыргыз тилдүү гезиттеринин биринде, Жалал-Абад шаарынын дарыгеринин атынан сын айтылды, анын мааниси боюнча –  өткөн мезгилдегидей, учурда Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын башкы кеңсесинин тышкары иш жүрбөгөндөй көрүнөт, бул туурасында Жалал-Абад шаарынын дарыгери маалымдады эле, ошол боюнча пикириңизди айтсаңыз.

– Сурооңузду түшүндүм, бул айтылган сындын түпкү-тамары Ош жана Ноокат районунун дарыгерлери менен байланыштуу. Эсиңерде болсо, мындан бир нече жыл мурун, жергиликтүү дарыгерлерге кылмыш иши козголуп, медицина кызматкерлерин кылмыш-жаза кодексине тартылышкан. Жалал-Абад шаарынын дарыгери, жергиликтүү профсоюздар өзүлөрүнүн милдетин так аткарылган жок, деп айтып жүрөт.   Бир четинен ал кишинин тынчсызданып, кызуу кандуулукка алынып аткан адам катары түшүнсө болот, себеби анын кесиптештери жоопкерчиликке тартылышкан, ошондой жагдайда ар бир адам кимге кайрылаарын билбей, жардамга муктаж болуп калат эмеспи.

Ал эми, жергиликтүү аймактык тармактык профсоюздардын канчалык деңгелде жардам бергендери, өзүнчө маселе. Объективтүү маалымат боюнча, 2009-жылдын, 22 майында өткөн саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюздардын Борбордук комитетинин 4-ү көчмө пленумда Ноокат аймактык ооруканасынын директору Т. Султанов  жарыш  сөзгө чыгып сүйлөгөн. Өз сөзүндө төмөнкүдөй маалыматтарды берген: “тергөө жүргүзүлүп жаткан дарыгерлер бүгүнкү күндө акталгандыгын белгилей кетким келет. Бул иште баштапкы кесиптик бирлигинин төр айымы Людмила Магдеева салымы чоң, ал Ноокат районун медициналык кызматкерлеринин укугун коргоо Фондусун түзгөн. Себеби адвокат жалдаш үчүн көп каражат керек болчу. Акчалай жардамды негизинен кесиптик бирлик уюмдарынан алдык”.

Мага жеткен маалыматтарга таянсак, эле? Л. Магдеева  саламаттыкты сактоо профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Саалиев Накен Саалиевичтен жардам сурап келген, ал киши жагдайды түшүндүрүп, тергөөдөгү дарыгерлер тынымсыз тамак-аш, дары дармек жана сүйлөшүүлөрү менен камсыз болгонун кабарлаган. Борбордук комитет акчалай жардам которуп берген, андан тышкары регионалдык кесип бирлигинин борборлорун жардам берүүнү сунуштаган. Натыйжада профсоюздук бюджеттен – 120 000 сомго акчалай каражат топтолуп, ага адвокат жалданып, сурактагы дарыгерлер толугу менен акталган. Кийинчерээк көз карандысыз медициналык эксперттик комиссия медицина кызматкерлери  тарабынан  жаңылыштык кетпегендигин тастыктаган.

Буга чейин профсоюздук ынтымакты бөлүп-жаруу, аброюн түшүрүү үчүн коомчулуктун алдында айрым саясатчылардын камчысын чаап жүргөн желдеттер аракеттерди кылышты. Биз  чагымчыл аракеттерге туруштук бере алдык, коркуп, башыбызды ийип берген жокпуз, тескерисинче айтылган негизсиз дооматтарга, фактылар жана документтер менен далилдүү жооп бере алдык. Айрымдары аша-чаап, одоно сөздөрдү айтканга жетишти, бирок биз коомчулукка түшүндүрдүк, туура маалыматты албай туруп шек келтирүү болбойт деп. Жыйынтыктап айтканда, учурдагы Кыргызстан профсоюздар Федерациясы – Өкмөттөн, Жогорку Кеңештен, партиялардан, саясий топтордон жана саясатчылардан көз каранды эмес, профсоюздар Федерациясы өз алдынча иш кылган, эмгекчилердин таламын талашкан, туруктуу максаты бар коомдук уюм.

Айбат гезити №75



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru