Айбат » Мамлекеттик төңкөрүштөрдүн америкалык машинасы: 1953-жылдан берки демокартияны жок кылуу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Мамлекеттик төңкөрүштөрдүн америкалык машинасы: 1953-жылдан берки демокартияны жок кылуу

Чет өлкөлүк өкмөттөрдү кулатуу боюнча америкалык
аракеттер дүйнөнү кооптуу кылып, үмүттү жок кылат, – Alter Net

2004-жылдагы Гаитидеги америкалык төңкөрүш болуп, бул мамлекеттин президенти Жан-Бертран Аристид куулгандан кийин, мен Аристиддин адвокаты Айра Курзбандын Майамидеги сөзүн угуп калдым. Өз сөзүн ал табышмактан баштады: «Эмне үчүн Вашингтондо эч качан төңкөрүштөр болбойт?». Дароо жандырмагын берди: «Анткени Вашингтондо АКШнын элчилиги жок». Адвокаттын бул кириш сөзүн угуучулар кубаттаган кол чабуулар менен тосушту, анткени алардын арасында көпчүлүгү америкалык гаитяндар эле жана Курзбандын эмне тууралуу айтып жатканын абдан жакшы түшүнүшкөн.

Украинанын коопсуздугунун мурунку башчысы Александр Якименконун айтымында, бул мамлекеттин өкмөтүн кетирген майдан уюштуруучулары америкалык элчиликтин ичинде жашап алышкан. Ал жакта күнүгө болушкан. Россиялык атайын кызматтын материалдары боюнча билишибизче, бул адамдар элчи Пайетт, арасында Дик Чейнинин мурдагы жардамчысы, европалык жана евразиялык иштер боюнча мамкатчынын орун басары Виктория Нуланд бар  төңкөрүш үчүн жооптуу америкалык чоңдор менен абдан тыгыз байланышта болушкан. Бул адамдардын элчиликте жүргөн күндөрү аларгы ЦРУнун адамдары стратегия жана тактика боюнча сабак өтүп жатышканын божомолдой алабыз.

Украинадагы төңкөрүштү тарыхый алкакка салганда, биз АКШ 1953-жылдан бери жок эле дегенде 80 жолу чет өлкөлөрдө ийгиликтүү же ийгиликсиз төнкөрүш уюштурганын көрөбүз. Президент Эйзенхауэр Ирандын мисалында ЦРУ Батыштын коммерциялык жана геосаясый кызыкчылыктары үчүн өз элинин келечегин курмандыкка чалуудан баш тарткан өкмөттөрдү кулата алганын байкап калганынан башталган. Америкалык төңкөрүштөрдүн көпчүлүгү каардуу куугунтуктоолор, адамдарды уурдоо, сот-чоту жок эле өлтүрүү, кыйноолорго, коррупцияга, жакырчылык жана теңсиздикке жана ошондой эле ушундай төңкөрүштөрдөн жабыркаган өлкөлөрдүн элдеринин демократиялык умтулуусунун кыйрашына алып келген. Украинадагы бийликке келген күчтөрдүн плутократиялык жана ультраконсервативдүү мазмуну деле өзгөчөлөнбөйт деп айтууга болот.

Америкалык аскерлерден жабыркагандар: Иран (1953), Гватемала (1954), Таиланд (1957), Лаос (1958—1960), Конго (1960), Турция (1960, 1971, 1980), Эквадор (1961 и 1963), Түштүк Вьетнам (1963), Бразилия (1964), Доминикан Республикасы (1963), Аргентина (1963), Гондурас (1963 жана 2009), Ирак (1963 жана 2003), Боливия (1964, 1971 жана 1980), Индонезия (1965), Гана (1966), Греция (1967), Панама (1968 жана 1989), Камбоджа (1970), Чили (1973), Бангладеш (1975), Пакистан (1977), Гренада (1983), Мавритания (1984), Гвинея(1984), Буркин-Фасо (1987), Парагвай (1989), Гаити (1991 и 2004), Россия (1993), Уганда (1996) жана Ливия (2011). Бул тизмеге ийгиликсиз аяктаган ушул эле сандагы төңкөрүштөр жана Африка менен башка жерлердеги окуялар кирген жок.

АКШ демократияны коргоп жатабыз деген жалгандын аркасы менен аны жок кылуу аракеттери дүйнөнү кооптуу, акыйкатсыз кылып, үмүттү өлтүрүп жатат. 2005-жылы жазуучу Гарольд Пинтер адабият боюнча Нобель сыйлыгын алып жатып, АКШ тууралуу төмөнкүчө айткан: «Америка жакшылык кылып жатам деген маска кийип алып, бүт дүйнөдөгү бийликти манипуляция кылууда. Бул гипноздун эң мыкты, акылдуу жана ийгиликтүү актысы… Бул каардуу, көңүл кош, текебер жана аеосуз аракеттер, бирок абдан акылдуу аракеттер дагы».

Гарольд Пинтердин түшүндүрүүсү боюнча, Кошмо Штаттар дайыма “төмөн интенсивдүү чыр-чатактарга” орун берип, басып алуу жана оккупациядан баш тартышат. ЦРУ жана спецназ өкмөттөрдү кулатуу жана америкалык дүйнөлүк бийликти орнотуу ашыктыгына каршы чыккан ар кандай кыймылдарды басуу максатында кол балдарын жана жашыруун операцияларды колдонушат. Төңкөрүш ушундай операциянын натыйжасы болуп чыгат, ал эми “төмөнкү интенсивдүү” ыкмалар натыйжа бербегенде мамлекет АКШ тарабынан түз эле аскердик агрессияга туш болот. Буга Ирактагы жана Панамадагы окуялар мисал.

Бирок негизинен америкалык төңкөрүштөр 1953-жылдан баштап 2014-жылга чейинки колдонулган ыкмага ылайык ишке ашырылат. Бул ыкмада үч баскыч бар.

Оппозициялык күчтөрдү түзүү жана бекемдөө

Биринчи баскычта колдонулган ыкмалар шайлоо аркылуу ишке ашабы, же антиконституциялык төңкөрүш аркылуубу – айырмасы жок. Бул ыкмалардын көбү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европа жана Азиянын оккупацияланган өлкөлөрүндөгү бийликке оңчулдарды алып келүү максатында иштелип чыккан. Алардын ичинде консервативдүү саясый партияларды, студенттик уюмдарды, профсоюздарды жана ММКларды түзүп, каржылоо, курмандыкка чалынчу өлкөдө жана аймактык, эл аралык жана америкалык ММКлардагы жакшы уюшулган, каржыланган пропагандалык кампанияларды жүргүзүү.

Буга мисал согуштан кийинки Италия. АКШнын аракети менен бул өлкөдө бийликке социалисттер жана коммунисттер келбей, АКШнын колдоосуна ээ болгон коррупциялык коалициялар келген жана Италияны 46 жыл башкарышкан.

Ушундай эле ыкмалар Чилиде колдонулган, 1960-жылы Сальвадор Альенденин шайланышына каршы.

Украинада АКШ 1991-жылдан бери иштеп келе жатат. Алар батышчыл партиялар менен талапкерлерин түртүшүп, 2004-жылы бул “күлгүн революцияга” алып келген. Бирок батыш колдогон Виктора Ющенко менен Юлия Тимошенконун бийлиги да коррупцияланышып кетип, 2010-жылы Виктор Янукович президент болуп шайланган

АКШ өзүнүн болгон ыкмаларын колдонуп, бул 2014-жылы төңкөрүшкө алып келди. Демократияны колдоо америкалык улуттук фонду Украинадагы 65 долбоорун каржылаган. Фонддун президенти Карл Гершман өзүнүн Washington Post гезитине чыккан макаласында Украинаны “башкы сыйлык” деп атаган, анткени америкалык операция бул өлкөдө кезектеги баскычка кирип жаткан.

Күч колдонуу менен өткөн көчө демонстрациялары

2013-жылдын ноябрында Евросоюз президент Януковичке 1500 барактан турган “эркин соода жүргүзүү макулдашуусун” сунуштаган. Бирок мында Украинанын ЕСтеги мүчолүгү жөнүндө бир да сөз болгон эмес. Бул макулдашуу Украинанын чек арасын батыштын экспорту жана инвестициялары үчүн ачып жаткан, бирок жооп катары Евросоюздун чек арасын ачуу каралган эмес. Сыр жана канаттуу куштун ири өндүрүүчүсү катары Украина ЕСке макулдашуга ылайык болгону сырдын 5 пайызын жана куштун 1 пайызын экспорттой алмак.  Ошол эле учурда батыш фирмалары Украинаны Россиянын рыногун Азиядан келген арзан азык-түлүккө толтуруу максатында колдонмок. Бул жагдай Россия тарабынан чек араны жаап салуусуна алып келип, чыгыш Украинанын өндүрүүчү базасына чоң сокку урмак.

Түшүнүктүү себептер менен Виктор Янукович ЕСтин макулдашуусунан баш тартты. Киевдин батышчыл жана оңчул топтору үчүн бул көчөгө чыгууга белги болуп калды. Ал эми күч колдонуп акцияларга чыгуу режимдерди алмаштыру боюнча америкалык стратегиянын негизги бөлүгү болуп калганын танбашыбыз керек.

Украинада көчө нааразычылык акциялары 2014-жылдын январында элдин башына неонацисттик “Эркиндик” партиясы жана “Оң сектордун” согушчандары турганда күч колдонула баштады. “Оң сектордун” согушчандары Украинада 6 ай мурда эле пайда болушкан. Бул уюмду АКШ жана Европада жашаган украиналыктар жарым-жартылай каржылоодо. Ошондой эле бул ЦРУнун дан долбоору болушу мүмкүн.

Мамлекеттик төңкөрүш

Оппозициялык күчтөрдү түзүү жана аларды активдүү иш-аракеттерге даярдоо, ошондой эле көчөлөрдөгү кагылышууларды кеңейтүү – бул өзгөчө кырдаалды түзүү жана аны бийликти басып алуу үчүн өкмөттү кетирүүгө шылтоо катары колдонуу боюнча стратегия. ЦРУнун кураторлору төңкөрүштөрдүн лидерлерин окутуп, даярдаган соң, америкалык жетекчилер өз пландарын ишке ашырып, көчөлөрдө кагылышуулар башталат. Мыйзам жана тартип толугу менен жокко чыгарылып, мамлекеттик мекемелер иштебей калганда, сокку урулуп, өкмөт бийликтен кетирилип, төнкөрүштүн лидерлери алып келинет. Иранда Мохаммед Моссадык көчөлөрдө жүздөгөн адамдар өлө баштаганда кан төгүүнү токтотуу үчүн отсавкага кеткен. Чилиде генерал Пиночет президенттик сарайга авиасокку урган. Гаитиде 2004-жылы америкалык аскерлер түшүп, президент Аристидди кызматтан кетирип, мамлекетти курчоого алышкан.

Украинада Нуланд жана Пайеттин пландары боюнча 27-февралда Арсений Яценюкту премьер-министр кылып дайындашты.

Украинадагы төңкөрүштүн айырмасы – ал жакта армиянын ролу абдан аз болгонунда. Адатта АКШ жергиликтүү аскер офицерлерин абдан жакшы колдонушат. Америкалык армия аскерлер арасындагы мамиле менен байланыштарды өнүктүрүп, келечектеги төңкөрүш лидерлерин тандап, даярдашат. Президент Обаманын америкалык спецназдын иш-аракетин 134 өлкөгө таратканы бул процесс уланып, өрчүп атканын далилдейт.

Бирок Украинада аскерлердин нейтралдуу, кээде россиялык позициясы АКШнын куралы боло албай, Нуланд менен Пайетт жаңычылдык киргизип, “Эркиндик” жана “Оң сектор” сыяктуу неонацисттик уюмдарды колдонушту.

Тарых көрсөткөндөй, америкалык төңкөрүштөрдүн жарымы ийгиликсиз аяктайт. Бирок ийгилик болбогон күндө да америкалыктар курман болбойт жана мурункудай эле жашай беришет. Кагылышуу, хаос, жакырчылык үчүн дайым курмандыкка чалынган мамлекеттин эли керт башы менен азабын тартат. Ал эми Нуланд же Пайетт сыяктуу төңкөрүш уюштуруучулары Госдеп же ЦРУнун карьералык тепкичи менен көтөрүлүүнү улантышат.

Америкалык төңкөрүштөрдүн дагы бир өзгөчөлүгү – бул чыныгы журналистиканы басынтуу. Өз табиятынан төнкөрүштөр жашыруун операциялар болуп саналат жана америкалык ММКларга буларга тиешеси бар ЦРУнун кызматкерлеринин ысмын атоо сыяктуу “улуттук коопсуздуктун” сырларын ачууга тыюу салынган. Расмий уламыштарды эле тараткан ММКлар мындай операциялардын абдан маанилүү пропагандалык бөлүгүнүн шериктештери болуп калууда.

Батыштын ММКлары бүгүн пропагандалык машинанын абдан мыкты куралы болуп калды. Медиакорпорациялар Батыштын геосаясый жана коммерциялык экспанциясынан өз пайдасын көрүшөт жана бул экспенцияны тейлеп жатып, алардын бизнес-үлгүсүнүн алынгыс бир бөлүгүнө айланышкан. Мындай журналисттерден америкалык төңкөрүштөр тууралуу фактыларды жана чыныгы маалыматты күтүү пайдасыз.

Которгон
Бектур БАЙМОҢОЛОВ




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru