Айбат » «Кыргызстандын келечеги – биримдикте» – ынтымак жыйыны

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Кыргызстандын келечеги – биримдикте» – ынтымак жыйыны

2014-жылдын 23-апрелинде Тарых музейинин жыйындар өтүүчү залында “Калыс” жаштар саясий кыймылынын төр агасы Ж. Молдокматов “Кыргызстандын келечеги биримдикте” аттуу ынтымак жыйынын өткөрдү.

Калыс

Ынтымак жыйындын башталышын КР улуттук гимни менен башталды. Кыргыздын байыркы бийлеринин бири болгон “Кара жорго “ бийи бийленди.  Андан соң, Жеңиш мырза ынтымак жыйындын алдында, жыйындын максаты жана маселелерин айтуу менен баштады. “Акыркы күндөрү  коңшу жана алыскы мамлекеттердеги саясий кырдаалдан улам курчушуна байланыштуу жана өлкө  ичиндеги саясий абалдын байма-бай өзгөрүп  турушунан улам  эгемендүү мамлекетибиздин  көз-карандысыздыгына  шек  келүүдө  деп, мамлекеттүүлүктүн сакталышына жана элдин бекем биримдигине умтулган жарандар тынчсыздануу менен кабыл алып, “Кыргызстандын келечеги- биримдикте” аталышында ынтымак жыйынын өткөрүү  учурдун  талабы деп эсептейбиз.

Жеңиш МолдокматовЖыйындын  максаты: Чет-мамлекеттердеги революция жана төнкөрүштөрдөн соң, өлкө ичиндеги саясий бейстабилдүүлүк жана туруксуздуктан улам жалпы Кыргызстан элин ынтымакка жана биримдикке үндөө

Кыргызстанда көп улуттун жашаганына байланыштуу диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышында жалпы кыргызстандыктарды ынтымакка чакыруу” деп айтып кетти.

Жыйындын  расмий ачылышы – (алып баруучу) келген катышуучуларды, башка улуттун өкүлдөрүн, коноктордун,  Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн жыйынга келгенине ыраазычылык билдирип, жыйындын атын атап, негизги маңызына жана максатына кыскача түшүндүрүп “Калыс” жаштар  саясий кыймылы тууралуу  кыскача маалымат берип кетти:  2010-ж. апрель элдик революциясынан кийин өлкөнүн  бардык региондорунан активдүү  жаштардын биригүүсүнөн  негизделген  уюм.  Буга  чейин мамлекеттик жана улуттук ири иш  чараларды  өткөзүү  менен, зор жетишкендиктерди  камсыздаган , карапайым  калкка жардамын аябаган жаштардын алгачкы жана алдыңкы уюмдарынын бири.  Бүгүнкү  өлкөбүздө болуп  жаткан саясий кубулуштардан  улам  тынчы  кеткен жаштар элди ынтымакка үндөп, биримдикке  чакырып,  ынтымак жыйынын өткөрүүдө.  Андыктан ынтымак жыйынына куш келипсиздер жана бүгүнкү  жыйынды ачык деп жарыялады.

Кыргыз  калкын түзгөн этностордун улуттук кызыкчылыктарын чагылдырып,  Кыргыз Республикасындагы  жалпы  калктын  тилектештигин  камсыз  кылууга  чакырган массалык коомдук уюм.  Кыргызстан калкынын ассамблеясынын төрагасы  Мурзубраимов  Бектемир Мурзубраимович бул көтөрүп жаткан маселелерди  колдоорун терең  баса айтып кетти..

Кыргызстандагы Чечен элинин диаспорасынын мүчөсү  Кутсаев Руслан кыргызча сүйлөп, Манас айтканы жыйындын катышуучуларын  таң  калтырды.

Кыргызстандагы эң алгылыктуу уюмдардын бири,  көптөгөн мамлекеттик орчундуу маселелерди  чечүүгө  жетишкен “Кыргыз Чоролору”  уюмунун  төрагасы  Кочорбаев Замир мырза да бул жыйынга күбө болду..

жыйынЖыйындын негизги бөлүгүн: ынтымак жана биримдикке багытталган атайы доклад жана презентациясы менен “Калыс” саясий кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов. Алыскы жана жакынкы чет-мамлекеттердеги төңкөрүштөрдүн башаты, башаламанга чейинки жашоо жана андан кийинки абалды чагылдырган чакан презентациясын  көргөзүп өттү.

Кыргызстанда стабилдүүлүк менен мамлекеттүүлүктү  сактап  калуу жөнөкөй  жарандардын колунда  экендигин баяндап, жыйындын катышуучуларынын жалпы элди ынтымакка  чакырып кетти. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  дунган ырчысы  Сулейман Люшсан өз тилинде ырдады. Ал эми уйгур диаспорасынын өкүлдөрү “Интизар” бий тобу өнөр көрсөтүшсө, Казак элинин өкүлдөрү Ержан Мусин созолонто кыргызча ырдады. Жыйындын катышуучуларын  Тарых музейинин алдынкы  бетине  жалпы  сүрөткө  түшүү  менен аяктады.

Канат Кебеков

Айбат гезити №75




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru