Айбат » КУУнун 2014-жылдын Мырзасы жана Периси

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » КУУнун 2014-жылдын Мырзасы жана Периси

Мистер и мисс2014-жылы 22-апрелинде Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргыз Улуттук университетинин “2014-жылдын Мырзасы жана Периси” аттуу  кароо сынак болуп  өттү. Бул сынакка университеттин ар кайсы факультеттеринен, институттарынан жана башка тармактарында окуган кыздар жана балдар университет арасынан таймашып финалга кыздар арасында 11 кыз КУУнун Периси наамына ат салышты, ал эми КУУнун Мырзасы наамына 10 бала ат салышкан. кененирээк төмөндөгү баяндамабызды сунуштайбыз.

2014-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Улуттук университетинин “2014-жылдын Периси жана Мырзасы” деген аталыштагы конкурс Кожомкул атындагы спорт сарайында болду. Студенттер окуу жылы башталгандан баштап чыдамсыздык менен күткөндүгү залдагы орундун жетишпей калгандыгы аныктап берди. Алгач катышуучулар баардыгы биригип Вена вальсын бийлеп беришти. Алгач сөздү КУУнун окуудан тышкаркы иштер боюнча проректор Жеңиш Акматов бул кечени ачып берди. Андан соң катышуучулар үчүн сынак өз дастарконун жайып берди. Дасторкондун бетине “Дефиле”, визиттик карточка”, “Араб бийи” ( кыздар үчүн), балдар үчүн “Кара жорго” бийи деп тапшырмалар берилди. Бул тапшырмаларды калыстар тобуна кирген

• Бакыт Төрөбаев-Жогорку кеңештин депутаты (калыстар тобунун төрагасы)

• Саламат Садыкова- Кыргыз Республикасынын Эл артисти

• Турусбек Мамашев- “Дасмия” эс алуу комплексинин жетекчиси

• Замира молдлошева – белгилүү стилист-дизайнер

• Камчы Сарыбаев-белгилүү актер

• Мирзада Калыкова- “Ак-бата” продюсердик борборунун жетекчиси

• Кубат Болотканов – КТРКнын мүдүрүнүн орун басары

• Гүлсара Айдарканова-“Миң кыял” бийчилер тобунун жетекчиси

Мына кыргызга төбөсү көрүнүктүү адамдар ар катышууга өздөрүнүн баалары менен баалап турушту. Мындан тышкары сахнанын көркүн ачкан Сакиш менен Бопуш, миң кыял бийчилер тобу, тамашоу лигасында ойногон “Нацтан” командалары коштоп келишкен.

 

Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин окуудан тышкары иштери боюнча проректору Акматов Жеңиш.

- Жеңиш агай, бул иш чара боюнча кыскача маалымат айтып берсеңиз?

-Бул улуттук университетинин салтка айланып калган, жаштар комитети менен бирге жыл сайын уюштурулуп туруучу иш чаралардын бири. Жаз келгенде май майрамынын астында өткөрөбүз. Ошол салтты улантып бүгүн ошол майрамдын 2014 жылдын жыйынтыгын чыгарып жатабыз. Бул биздин 3 тур. Буга чейин 1 тур факультеттер, институттун, окуу борборлордун арасында өткөн, ал жерде ар бири өзүнүн сулууларын алып чыккан. 2 тур бул университеттик деңгээлде өтүп ал жерден бүгүнкү 21 студент тандалып чыккан. Ал эми баш байге Турцияга 5 күнгө эс алып келүү. Бул баш байгебиз демөөрчүлөр тарабынан уюштурулду. Демөөрчүлөрүбүзгө ыраазычылык билдирип кетем.

 

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин  жаштар комитетинин төрагасы Мааткеримов Бакыт:

- Бакыт агай, менин билишимче буга чейин ушунчалык жогорку деңгээлде иш университетте өткөрүлгөн эмес, буга себеп эмне?

- Буга чейин өткөрүлүп келчи. Бирок, мынчалык деңгээлде өткөрүлгөн эмес. Анткени, быйыл бул иш чараны мамлекеттик деңгээлде өткөрүүгө бел байлаганбыз, мына ошол максатыбызга жетип отурабыз. Быйыл демөөрчүлөрдү издеп таап,  кудайга шүгүр мынчалык демөөрчү табылат деп ойлогон да эмеспиз. Мынчалык деңгээлде өтүшүнүн себиби биздин ректорубуз Исамидинов Искендер агайыбыздын жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректорубуз Акматов Жеңиш агайыбыздын салымдары абдан чоң. Ал эми баш байгени койгонубуздун себеби, акыркы күндөрү мындай иш чараларга студенттердин катышуусунун саны абдан азайып кеткен. Мына ошолордун санын көбөйтүү үчүн, аларды кызыктыруучу чоң баш байге койгонбуз. Албетте, мындай баш байгелер мындан кийин да болот, колдон келсе мындан да чоң байгелерди койгонго аракет кылабыз.

 

Нурбек кызы ЖибекКонкурстун катышуусу кыргыз улуттук университеттин эл аралык факультетинде 1-курсунун студентти Нурбек кызы Жибек.

- Бул конкурска кандай болуп катышып калдың?

- Мен буга чейин бөлөк сынактарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп жүргөндүктөн, институттун жетекчилери кароо сынагы жок эле ишеним көрсөтүп бул конкурска жиберишкен. “Эң биринчи утуш эмес катышуу” деген сөз мага тийиштүү эмес деп ойлойм.  Анткени, “конкурска келгенден кийин утушуң керек” деген ураан менен келгем. Баардык нерсе кудайымдын буйругунан эмеспи, кудайым буюрса утушка ээ болом деген ойдомун. бул сынак абдан кызыктуу өтүп жатат. Атаандаштарым абдан күчтүү экен.

 

Кыргыз улуттук университетинин Евразия инновациялык технологиялар факультетинин 1-курсунун студенти Асанбекова Айдай.

- Сиз бүгүн конкурска көрүүчү катары келиптирсиз, сиздин көз карашыңыз боюнча бул конкурс кандай болду?    

- Бүгүнкү конкурс мага абдан жакты жана аябай кызыктуу болуп жатат. мен бул жерге бир гана көрүүчү катары эмес колдоочу катары да келдим. Бул конкурска мени менен чогуу окуган “ КУУнун Мырзасы” наамына ат салышып жаткан Самаган уулу Бексат  жана  “КУУнун Периси”  наамына  ат  салышып жаткан Насипбекова Алинаны колдогону келдим.

Жамгырчиева Айзада Ал эми конкурстун баш байгеси 5 күнгө Турцияга эс алып келүүгө жолдомо болчу. Журналистика факультетинин 2-курстун студенти Жамгырчиева Айзада “Мисс КНУ-2014” наамын утуп алган. Наам менен бирге жолдомого ээ болгон.

• 1-орунга тарых факультетинин 2-курс студенти Бактыгулова Нурсулуу татыктуу болуп, ЖК депутаты Бакыт Төрөбаевден 10 миң сом алды;

• 2-орун Кыргыз-Кытай институтунун студенткасы Эркинбекова Бегимайга ыйгарылып, “Ак бата” продюссердик борборунан акысыз видероликке тартылууга сертификат берилди;

• 3-орунду Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун студенткасы Ташматова Акылай ээлеп, КУУнун профкому тарабынан Ысык-Көлгө 5 күндүк жолдомо ыйгарылды.

 

Акматалиев ДаниельБалдар арасында “Мистер КНУ-2014” наамы юридикалык колледждин студенти Акматалиев Даниель утуп алган. Даниель да 5 күндүк Турцияда эс алуу жолдомосуна ээ болгон.

• 1-орунду журналистика факультетинин 2-курс студенти Жакыпбек уулу Нурсултанменен Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун студенти Кубанычбек уулу Улукман ээлешип, ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев берген 10 миң сомду бөлүп алышты;

• 2-орун Евразия инновациялык технологиялар факультетинин 1-курс студенти Самаган уулу Бекзатка ыйгарылып, ага да “Ак бата” продюсердик борборунан акысыз видеороликке тартылууга сертификат берилди;

• 3-орунду Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун студенти Кубатбек уулу Азизбек ээлеп, КУУнун профкому тарабынан Ысык-Көлгө 5 күндүк жолдомо ыйгарылды.

Самаган уулу БекзатКошумчалай кетчү нерсе Евразия инновациялык технологиялар факультетинин 1-курстун студенти Самаган уулу Бекзат сынак учурунда сахнага кыргыз желеги тагылган “крутой” велосипеди менен чыгып: “Биздин депутаттар деле велосипед минип, ага кыргыз желегин тагып коюшса, алыстан эле депутаттын велосипеди экени билинмек” деп тамашалаганда, сынакта калыстар тобунун төрагалык милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев “Велосипедиңди мага бер. Анын ордуна “Хонда Фит” автоунаасын тартуу кылайын” деди. Ошентип, күтүлбөгөн жерден Бекзат “крутой” велосипедин “крутой” автоунаага “алмаштырып” алды.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №75



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru