Айбат » Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапаты жогоруласа, элдин жашоосу да жогорулайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапаты жогоруласа, элдин жашоосу да жогорулайт

сотУкук жана бизнести өнүктүрүү фондунун жана Борбор Азиядагы Евразия Фонду тарабынан «Жергиликтүү ачыктуулук жана кызматташуунун демилгеси» долбоору USAIDдин каржылоосу  аркылуу иш жүзүнө ашып жатат.  Бул долбоор республикабыздын Нарын жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылып жатат. Долбоордун алкагында жергиликтүү элге муниципалдык жана мамлекеттик кызматтар, алардын сапаты, муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды алууда чыккан түшүнбөстүктөргө байланыштуу көйгөйлөр боюнча ооз эки, кат түрүндөгү юридикалык консультацияларды, соттон тышкаркы кызыкчылыктарды коргоо кызматтарын, топтук кеңештерди жана семинар-тренигдерди көрсөтүлүп келүүдө. Бул ирет долбоордун жүрүшү тууралу суроолорду берүүнү чечтик. 

- Долбоордун алкагында кандай иш чаралары аткарылууда?

– Долбоор 2013-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Долбоордун алкагында Кочкор районунун тургундарына   муниципалдык жана мамлекеттик кызматтар, алардын сапаты, муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды алууда чыккан көйгөйлөр боюнча ооз эки, кат түрүндөгү, топтук юридикалык кеңештерди берүүдөбүз. Юридикалык кеңештерден тышкары, жергиликтүү тургундарга, жергиликтүү жамааттарга, айылдык кеңешинин депутаттарына жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине муниципалдык жана мамлекеттик кызматтар боюнча мыйзамдарды, маалыматтарды таркатып, маалыматтык-тематикалык чогулуштарды жана коомдук угууларды өткөрүп жатабыз.

- Коомдук угуу деп айтып калдыңыз. Коомдук угууну өткөрбөй эле, өзүңөр эле юридикалык кеңешиңерди берип, жардам берсеңер болбойбу? 

– Коомдук угуунун эң негизги максаты – бул жергиликтүү элдердин укуктук аң сезимин жогорулатып, элдин көйгөйлөрүн өздөрүнүн катышуусу менен чечүү болгондуктан. Коомдук угууларды биз жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн элдин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүп жатабыз. Себеби ошол коомдук угууда элдин көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда элдин көйгөйүн чечүү жолдорун талкуулайбыз жана издейбиз. Анан эң керектүү жолун тандап жыйынтык чыгарабыз. Биз юристтер фасилитатор гана болобуз. Башкача айтканда, элди өздөрүнүн көйгөйлөрүн мыйзамдын чегинде өздөрү чечүүсүн  үйрөтөбүз.   Бул элдин укуктук аң сезимин жогорулатат жана коррупциянын төмөндөшүнө алып келет. Жакында Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында көрүстөнгө жер участогун бөлүп берүү көйгөйү боюнча коомдук угуу өткөрдүк. Коомдук угуунун жыйынтыгында Дөң-Алыш айылынын тургундары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж. Шералиевге тийиштүү кайрылууларын жөнөтүштү. Азыркы тапта жыйынтыгын күтүүдөбүз. Бул жерден биз элге көрүстөндү үчүн жер участогу кандай тартипте бөлүнүп берилет жана кайсыл жерлерден берилет. Ошондой эле көрүстөнгө жер участогун бөлүп берүү үчүн арыздарды берүү процедураларын кандай жүргүзүлгөндүгүн элге кеңири түшүндүрүп бердик.  Ал эми эл болсо бул мыйзамдардын негизинде өздөрүнүн  кайрылууларын Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына жолдоп жатышат. Бул жерден биринчи эл өзүнүн көйгөйүн өзү чечкенге аракеттерди жасады, эми элдин көйгөйүн чечип берүү кезеги жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүндө. Мына өзүңүз көргөндөй коомдук угуунун эң негизги максаты элдин укуктук аң сезимин жогорулатуу.

- Долбоордун алкагында кайсыл жактар менен тыгыз иштешип жатасыздар? 

– Долбоордун алкагында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иштешип жатабыз. Мындан сырткары, жайыт комитеттери жана айылдык кеңештин депутаттары менен дагы тыгыз иштешүүдөбүз. Баса белгилеп кетчү нерсе, Кочкор районунда Семиз-Бел жана Ак-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жайыт комитеттери аябай активдүү кызматташып, өздөрүнүн жайыт комитеттерин жана жайыт жерлерин туура пайдалануу боюнча кеңештерин тынымсыз алышууда. Мен ойлоймун, келечекте, буюрса, бул эки жайыт комитеттери жакшы ийгиликтерди жана жыйынтыктарды   көрсөтө алышат.

- Демек, долбоор эл жана  жергиликтүү бийликтин мамилелерин күчөтүп, жергиликтүү бийликтин көрсөтүп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарын көрсөтүлүшүн жакшыртуу турбайбы? 

– Ооба так ошондой. Эгерде элге көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапаты жогоруласа, албетте элдин жашоосунун деңгээли дагы жогорулайт. Мисалы долбоор иштеп келе жатканына 1-5 -жыл убакыт болуп калды. 1-5 жылдын ичинде ичүүчү суу менен камсыз кылуу, таштандыларды чыгаруу, жамааттарды өнүктүрүү, көз карандысыз кесиптик уюмдар, коомдук уюмдарды жана бала бакчалардын укуктук жактан калыптануусуна көптөгөн юридикалык жардамдар акысыз берилип келди. Мына анын жыйынтыгында, документи жок болуп жүргөн бала бакчалар документтерин иреттеп, мыйзамга ылайыкташтырып алышты. Мамлекеттик органдардан маалыматтарды жарандарга берүү көйгөйлөрү чечилип жатат. Таштандыларды чыгаруу жана элди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу көйгөйлөрү тынымсыз түрдө жогору турган бийлик органдарына билдирилип келе жатат. Чечилген көйгөйлөр бар, чечилип жаткан жана келечекте чечиле турган көйгөйлөргө жергиликтүү бийлик мамлекеттик органдарынын көңүлдөрүн буруудабыз. Башкача айтканда ачык айкындуулук аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын элге көрсөтүлүшүнүн сапаттарын кичине болсо дагы жогорулатуу аракеттери болуп жатат десем, жаңылышпаймын. Себеби долбоордун алкагында эң негизгиси көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечсе болот экен дегенди элге көрсөтүп үйрөтүүдөбүз.  Кыскасы эмгектенишибиз гана керек!

Акжолтой Базаров, Укук жана бизнести өнүктүрүү фондунун Жергиликтүү ачыктуулук жана кызматташуунун демилгеси» долбоорунун консультанты

Айбат гезити №75



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru