Айбат » «Ак дил» айкөлдүк кыймылынын лидерлери ишембилик акциясын өткөрүштү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Фонд » «Ак дил» айкөлдүк кыймылынын лидерлери ишембилик акциясын өткөрүштү

Ак дил2014-жылдын 19-апрелинде «Ататүрк» паркында Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана «Ак Дил» кыймылынын жаштары Бишкек шаарынын Мэриясы менен биргеликте масштабдуу акцияны өткөрүштү.  Өнөктөш катары «Coca-Cola Bishkek Bottlers»  жана ЗАО «Шоро» компаниялары чыгып колдошту.

«Ак Дил» айкөлдүк кыймылы Фонд тарабынан 2014-жылы негизделип, жаш патриоттордун, активист жана энтузиасттардын башын бириктирип ар түрдүү проекттерди, анын ичинде экологиялык мүнөздөгү долбоорлорду да ишке ашырышмакчы. Бүгүнкү күнү 30 дан ашуун команда Бишкек шаарында, Нарын, Токтогул жана Ысык-Көлдө болуп, булардын катарында жалпысынан 700 катышуучу катталган. Жаратман иштерге дилгир командалар уламдан улам толукталып, жаңы жаратман идеялуу жаштарды күтөт.

МАСШТАБДУУ ИШЕМБИЛИККЕ 650 жаш улан-кыздар катышышты. Ак футболка кийип, тазалыктын символун тартуулаган студенттер шаарыбыздын 30га жакын ЖОЖдон келишкен. Ошондой эле алардын катарында жаштар кыймылдары да бар. Өзгөчө КГЮА университетинен келген студенттер окуу жайына  болгон сүйүүсү жана көптүгү менен айырмаланышты. Кызыл футболка жана кепка кийип 150гө жакын студент мыкты иштеп жатышты.

Бул санитардык, экологиялык акция “Ак Дил” кыймылынын алгачкы биргелешкен иш-аракети. Мындан сырткары патриоттук, спорттук, коомдук, экологиялык, агартуучулук, маданий-массалык мүнөздөгү акциялар пландуу түрдө ишке ашырылып турмакчы. Бардык аракеттер коомго багытталып, жаратмандык мүнөздү ташыйт.

Жаш лидерлер парктагы таштандыларды тазалап, сугарууга арыктарды ылайыкташтырышты. таштандыларды машина менен жүктөп алып кетип жатышты.  1 га территория жалпысынан тазаланып, 600 м арык туураланып, 9 машина менен 3.5 тонна таштанды чыгарылды. Мындай жыйынтык жаштардын ынтымактуу иштөөсү жана бир максатта иш алып баруусунан келип чыкты.

Жаштардын демилгесин колдоого Фонддун негиздөөчүсү Салымбеков Аскар Мааткабылович жана Бишкек шаарынын вице-мэри Попиков Олег Владимирович келди. Иш-чаранын официалдуу бөлүгү саат 14-00дө башталып, концерттик программа менен коштолду.

 Ак дил СалымбековА. Салымбеков өз сөзүндө бардык катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди жана кийинки кадамдарда да жаштар өз жаратман потенциалын көтөрө тургандыгына ишенимин арттырды: « Биздин «Ак Дил» кыймылыбыз өзүн көрсөттү. Бүгүн паркты тазалоо менен, эртең коомубузду тазалоого салым кошосуңар. Бул чоң жолдун башталышы. Биз жаркын Кыргызстанды өзүбүз куруубуз керек. Шаарыбыз үчүн келип, тазалоо ишине катышкан ар бириңерге ыраазычылык билдирем».

А. Салымбеков Бишкек шаарынын вице-мэри О.В.Попиковго да ыраазычылык билдирип, кызматташтыктын улануусуна ийгилик каалап кетти: «Бишкек шаарынын мэриясына, Попиков Олег Владимирович вице-мэрине өзгөчө ыраазыбыз. Олег Владимирович – чыныгы патриот, ал полковник жана футбол клубун бир нече жыл башкарган алдыңкы адам» деп кошумчалады. Жаштар негиздөөчүнүн сөзүн кунт коюп угуп жатышты.

О. В. Попиков Бишкек шаарынын вице-мэри өз кезегинде ишембилик тууралуу өз баасын берип, мэрия мындай иш-чараларда кызматташууга дайым даяр экендигин айтты: «Саламатсыздарбы, Кыргызстандын келечеги! Полковник катары Фонддун ар түркүн демилгелерин мэрия сөзсүз колдоп турмакчы демекмин. Чындыгында Фонддун өкүлдөрү менен жолугушуулар толук ишенимди берген эмес. Бирок бүгүн ката түшүнгөнүм үчүн кечирим сурайм.  500дөн ашуун жаштар 30 ЖОЖдан келип катышышты. Бул официалдуу белгилер. Паркыбыз мурдатан бери жаштардын паркы болуп келген. Бул жерге жаштар көңүл ачып эс алууга келишет.  Абдан мыкты үлгү – жаштар келип эс алып, кайра аркасынан тазалап кетүү. Ошондой эле бул иш-чаранын башында Салымбеков Аскар Мааткабыловичтин турушу да кубандырат. Масштабдуу иш-чара шаардын, кийин мамлекеттин алкагында болот деп ишенебиз. Чындыгында бул менин иштеп жатканымдан берки мыкты уюштурулган масштабдуу акция жана бүгүн шаарыбыздын тургундары өз паркын тааныбай калышат».

ИшембиликИшембиликтин эң негизги өзгөчөлүгү көтөрүңкү маанай болду. Сценадан жаштар үчүн музыка жана ди-джейлердин аткаруусу, лидерлердин, КЭУ студенти Нурсултан Сейид уулунун, ошондой эле Ататүрк университетинен  Нурсултан Тохтиевдин алып баруусу болду.  Сцена баннер жана шариктер менен кооздолуп, майрамдык маанайды тартуулап жатты. Совет мезгилиндеги биринчи май эмгек күндөрүндөгүдөй маанайды тартуулады.

КЭЭ БИР ЖАШТАРДА бул иш-чаралар тууралуу жалпы пикирди чагылдырды.

Джайлообаева Айнура, 5 курс КРСУ, «Кыргызстандын жаш лидерлери» Коомдук мектебинин катышуучусу: «Маанай жакшы, командалык дух бар. 2014-жылкы фестиваль тууралуу талкуулап чыктык. Ар бири өз салымын чын дилинен кошууда. Биз таза шаар үчүн. Биздин чакыруубуз – «Ак Дил» кыймылына кошулуңуз, бирге коомубузга пайда алып келебиз. Жолугушууларды бат-бат өткөрүү керек, ошондо биз бир максатка биригебиз. Прогрессивдүү Демилгелер Фонду бизге өз потенциалыбызды ачууга чоң жардам берип келет. Ал Кыргызстанды өстүрөм деген лидерлерди топтоп келүүдө».

Рудбек у. Айбек, жаштардын экологиялык кыймылынын мүчөсү (МУВ): «Баары жакшы. Бүгүн уникалдуу ишембилик – бул, чыныгы биримдик. Башкалардын иштешин көрүп алып, мен дагы салым кошууга умтулуудамын. «Ак Дил» кыймылынын келечеги чоң деп ойлойм. Бул лидерлердин мотивациясынан, алардын алдыга койгон максаттарынан жана уюштуруучулар тарабынан болгон координациядан түртүлүп, мыкты натыйжага жетет».

Тохтиев Нурсултан, «Ак Дил  V-FUND» Эларалык «Ататюрк» университети: «Маанай сонун, «Ак Дил» бизди бириктирди. Жылуу үй-бүлөлүү атмосфера курулду. Биздин борборубуз – биздин үйүбүз экени өзгөчө билинип турат.  Биздин тургундар жана коноктор биздин жолубузда болушар, шаарыбызды булгабай тазалап турушар. «Ак Дил» кыймылы туруктуу жана системалуу түрдө уланат. Бүгүнкү иш-чара муну тастыктап турат. Бардык командалар достук жана биримдик толкунунда…».

Алмаз Кулматов, лидер ОФ «Чын дилимден»: «Ишембилик эң жогорку деңгээлде өттү. Жаштардын качан бизди бириктиришет деген күтүүсү ишке ашты.  Бардыгы жигердүү тазалашты. Ак футболкалар да бир жагынан биримдикке келтирди.  Шаңдуу музыка командалык духка чоң таасирин тийгизип да жатты. Биз абдан кубанычтабыз,  «Ак Дилдин» кийинки кадамдарына да активдүү катышууга дилгирбиз. Бардыгынын тазалап жатканын көрүп, бул кыймыл чоң ийгиликтерге жетет деп ойлойм. Биз жаштардын колунда келечек жана Фонддун алдында мээлей, пакет жана башка куралдар боюнча бир да маселе чыкпай баары ирээттүү болгону да кубандырат. Концерттик программа жана түшкү тамактануу да каралган».

Чындыгында, түшкү тамактанууда бардык катышуучуларга суусундук жана бутерброддор таратылган. Фонддун өнөктөштөрү  ЗАО “Шоро» 225 суусундук жана «Coca-Cola Bishkek Bottlers»  – 480 суусундук менен камсыз кылышты.

Ишембилик2Раззаков атындагы КГТУнун проректору Белекова Гульмира Шаршенбаевнага өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.  Белекова Г. студенттик позицияны: «Биз, Политехтин студенттери активдүүлүгүбүз менен сыймыктанабыз. Фрунзе шаарынын салты бар эле. Таң эрте көчөлөрдү машиналар жууп кетип, аркасынын шыпырылып, тазаланып турчу. СССР убагында эле. Бүгүн көптөгөн адамдардын түкүрүүсүн, таштанды таштоосун көрүп ичим ачышат.  Ошол себептүү биздин университет өзүнөн баштады жана Фонд бул демилгени колдоп кетти. Мамлекет үчүн бириккен ЖОЖлардын жетекчилигине, жаштарга ыраазычылык билдирем. Келгиле ар бирибиз бул иш-чараларды колдойбуз».

А. Салымбков универсиадада 8 жолу катары менен биринчиликти алып келген бул КГТУ университетин колдоп, чыныгы лидерлер ар тараптуу жана бардык тармактан чыккандыктарын билдирди.

Ишембилик бүткөн соң «Ак Дил» командалары уюштурган ар түрдүү жанрдагы концерт болду. Көрүүчүлөрдүн катарына эс алуучулар да кошулуп, шаңдуу маанайда коштолуп жатты.  Заманбап бий, Кыргызстан тууралуу ыр, лезгинка конкурсу, «Эйч Би» бий тобунун чыгышы, өзбек бийи, КВН ж.б.

Жыйынтыктап жатып, 2014- жылдын 19-апрелинде болгон ишембиликте жаштар эң мыкты үлгүнү көрсөтө алышты. Мекенине болгон сүйүү жана урматтоо. Биригип, жаратман ишти ишке ашырышты.

Фонддун  “Ак Дил” кыймылынын тушоосу ийгиликтүү кесилди деп айтууга болот.

Канат КЕБЕКОВ

Айбат гезити №75



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru