Айбат » Гигант келемиш

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Гигант келемиш

гигант келемишЖергиликтүү кабарчылар жана атайын адистер  “Великобританияны гигант  келемиштери  (чоңдугу мышыктай болгон) коркунуч жаратып жатат, буга жергиликтүү жашоочулар күнөөлүү. Анткени алар тамактардын калдыктарын таштандынын жанына  келемиш оңой жетип алчуу жерлерге таштап жатат” дейт.

Лондон, Ливерпуль жана  Хэмпшир графства шаарлары бул гигант келемиштери  менен күрөшүү жүргүзүп жатышат. Сүрөттөгү келемиштерди  фотошоп деп айта албайсың. Жакында эле Ливерпульда 60 сантиметрдик гигант келемишин кармашкан, чоңдугу  мышык менен тең.

«Аларды  мутант деп айтууга мүмкүн эмес, Британияда таштандылар жумасына бир жолу эмес, жарым айда бир алгандыктан көчөлөрдө таштандылар көп болуп, алардын көбүнчөсү  фаст-фуд тамагы болгондуктан  келемиштер үзгүлтүксүз тамактанып, ошонун себебинен чоң  көлөмдө  болууда» дейт  адистер.

Великобританияда мындай гигант келемиштердин үйдө табылып жаткандын  дагы бир себеби кышында, каналдардын ичи суук болгондуктан алар жылуу  үйлөрдө жашашып жана тамактанат.

Жеке  фирмалар, келемишти уулантып  өлтүрүү үчүн  фирманын адистери катуу  режим менен иштеп жатат. Аларга, кайрылган кардарлардын саны күн санап өсүүдө. Бул гигант келемиштер тамактын даамын анын жытын жакшы өздөштүрүп алышкан. Келемиш өлтүрүү үчүн сатылып жана колдонуп жаткан уулар туруштук бере албай калган. Фирманын адистерди « бул келемиштерди өлтүрүү үчүн заманбап күчтүү уу керек. Бирок, Евросоюз уюму  бул ууну колдонууга каршы болуп жатат. Анткени бул ууга адамдар да ууланышы мүмкүн. Дагы бул ууга колдонушуна, жаныбарларды коргоо уюму да каршы чыгып жатышат.  Анткени бул уудан келемиштер өлгөндөн кийин, ал келемиштерди башка жаныбарлар жейт, анан алардын кырылуусуна алып келет. » дейт. Бирок,  буга санэпидем кызматтары бул ойго макул эместигин билдирип «бул келемиштерди азыр жок кылбасак булар жакын арада иттерге кол салып мындан тышкары адамга кол салышы толук мүмкүн» дешет.

Айбат гезити №75



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru