Домой Коом 1-май эмгек майрамына карата кыргызстан профсоюздар федерациясынын кайрылуусу

1-май эмгек майрамына карата кыргызстан профсоюздар федерациясынын кайрылуусу

5

1-майКыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кеңеши мүчөлүк уюмдарын 2014-жылы 1-Май эмгек майрамын кеңири белгилөөгө чакырат!

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон иштерман – эмгекчилер бул күндү эл аралык тилектештиктин күнү катары белгилеп, татыктуу эмгек, социалдык адилеттүүлүк, бейпилдикте жашоо шарттарын укук катары негиздеп өзгөчө талап коюп келишет.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Кеңеши, дүйнөлүк кесипчилер уюмдарынын бул ыйык, традициялуу салтына жараша, үстүбүздөгү жылдын 1-Май майрамын тынчтык маанайда, эмгек жамааттарында ылайыктуу иш-чараларын, жыйын, жүрүш акцияларын «Татыктуу эмгек, татыктуу турмуш, социалдык акыйкаттуулук»- ураандардын коштоосу менен өткөрүүнү сунуштайт.

Профсоюздардын биринчи Май акциялары эмгек укуктарын коргоо, экономиканын өнүгүүсүнө жетишүү, саясий туруктуулук, татыктуу эмгек акы, жумуш менен камсыз болуу, эмгектин коопсуздугун сактоо, кирешени адилеттүү бөлүштүрүү, кесипчилер биримдиктерин түзүү, профсоюздар эркиндиги менен жаштардын кызыкчылыгын жактоого багытталат.

Биринчи Май акциялары Эгемендүү Кыргызстандын социалдык мамлекет катары өнүгүүгө жетишүү максаттарына, эмгекчил элибиздин жашоо шарттарын, турмуш деңгээлин жогорулатууга багытталат жана профсоюздардын ишмердигине таасирдүү көмөк берерине ишенебиз.

Азыркы учурда профсоюздар өзгөчө жоопкерчилик, кубаттуулук, күжүрмөндүктү талап кылаарын эске алып, бардык деңгээлдеги уюмдарыбызды биримдикке, ынтымакка, натыйжалуу ишмердикке жетишүүгө үндөйбүз.

Майрамыңыздар менен урматтуу мекендештер!

Туруктуу өнүгүү жолунда өлкөбүздүн жаңы ийгиликтерге жетишүүсүн каалайбыз!

Жашасын эмгекчилердин жана профсоюздардын тилектештиги менен биримдиги!

Жашасын Биринчи май – Эмгек майрамы!