Домой Коом 10-августта Ысык-Көлдө “Карагат фест-2013” фестивалы өтөт

10-августта Ысык-Көлдө “Карагат фест-2013” фестивалы өтөт

15

ысыккол10-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында “Карагат фест-2013”  мөмө-жемиш фестивалы өтөт. Бул тууралуу фестивалдын координатору Чолпон Кадырова 31-июлда билдирди.  Иш-чаранын максаты – Ысык-Көл облусунда мөмө-жемиштердин түрүн өстүрүүгө жана жайылтууга көмөктөшүү. Экологиялык таза мөмө-жемиштерди өстүрүү менен жергиликтүү калктын экономикалык абалын жакшыртуу болуп саналат. Фестивалдын алкагында  көргөзмө, сынактар, оюндар жана мастер-класстар өтөт. Иш-чара кыргызстандык эстрада жылдыздардын катышуусундагы гала-концерт менен жыйынтыктала турганы айтылды.