Домой Кызыктар дүйнөсү 19 саат онлайн оюндан каза тапкан кытайлык жаран

19 саат онлайн оюндан каза тапкан кытайлык жаран

4

геймер24-жаштагы Шанхайдын жашоочусу Ву Таю 19 саат онлайн оюндан кийин каза тапкан. Кытайда оюн сүйүүчүлөрдүн арасында атактуулукка жеткен World Of Warcraft онлайн оюнду Ву Таю аттуу жаран 19 саат көз ирмебей ойногон.  24-жаштагы Ву Таю 19 саат оюндан кийин өзүн жаман сезип,   жөтөлүп, анын жөтөлүүсүнүн артынан кан чыгып  жатканда интернет –кафенин жетекчиси, аны диванга жатып тез жардамды күтүүсүн сунуштаган. Жетекчинин сунушуна макул болбой оозундагы канды колу менен сүртүп өз оюнун уланткан Ву Таю ойноп жаткан жеринен дагы кыйналып жерге кулап түшкөн. Тез жардам келип ага жардам бере албай болгону өлгөндүгүн тастыктаган.

Айбат гезити №120