Домой Шоубизз 2-октябрда Бишкекте корея кинолор күнү башталды

2-октябрда Бишкекте корея кинолор күнү башталды

23

KFF-poster

2-октябрда, Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Корея жана Борбор Азия кинолорунун фестивалы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Анда Түштүк Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданий байланышын бекемдөө максатын көздөгөн фестивалда кыргызстандык жана кореялык жаш режиссёрлордун тасмалары көрсөтүлөт. Ошондой эле эки өлкөнүн кино өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу талкуу, мастер-класстар да өтөт. Фестиваль “Борбор Азия жана Корея” деп аталган форумдун алкагында уюштурулууда

Айбат гезити №48