Домой Коом 2012-жылы 7 миңге жакын киши Кыргызстандын жарандыгын алган

2012-жылы 7 миңге жакын киши Кыргызстандын жарандыгын алган

6

мамлекеттик катоо2012-жылы 6 миң 616 киши Кыргызстандын жарандыгын алган. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жарандыкка жана нике актыларын каттоо боюнча бөлүм башчысы Абылмажин Акмашев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы жарандык алуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына 6 миң 390 өтүнүч келсе, кайта анын 6 миң 616сы канааттандырылган.

“Жарандык алгандардын саны өткөн жылы келип түшкөн өтүнүчтөрдөн көп. Себеби 2012-жылы жарандык алгандар арасында арызын 2011-жылы жазгандар да бар. Алардын арасында буга чейин өздүгүн тастыктаган документ албаган чет элдик жарандар бар. Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча арыздардын эң көбү Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандан жана Орусиянын жарандарынан келип түшкөн. Ошондой эле кытайдын 8 жараны да Кыргызстандын жаранын алган”,- деди Акмашев.