Домой Саясат 26-июлда Нариман Түлеевге карата сот өкүмү чыгат

26-июлда Нариман Түлеевге карата сот өкүмү чыгат

1

Нариман Тулеев

Бишкек шаарынын экс-мэри, депутат Нариман Түлеевге карата сот өкүмү 26-июлда чыгарылат. Маалыматка ылайык, буга чейин бардык тараптардын сөзү угулуп бүттү. Эске салсак, Түлеевге жана шаардык мэриянын бир катар экс-кызматкерлерине 2012-жылы 29-октябрында айып тагылган. Алар коррупциялык иштер боюнча күнөөлөнүп жатат. Кылмыш ишин Ленин райондук соту 9 айдан бери карап келе жатат.

Автор: Ширин Турдакунова