Домой Экономика 4 тилкелүү Бишкек – Кара-Балта автожолун калыбына келтирүү 2014-жылы башталат

4 тилкелүү Бишкек – Кара-Балта автожолун калыбына келтирүү 2014-жылы башталат

4

дорогаСокулук айылынан Кара-Балта шаарына чейинки 4 тилкелүү автожолду калыбына келтирүү 2014-жылы башталат. Бул тууралуу Унаа жана байланыш министрлигинин инвестициялык долборлорду ишке ашыруу тобу долбоорунун координатору Султан Сарбагышев бүгүн, 25-июнда “ВБ”га билдирди.

Реконструкция Кыргызстандын Бишкек – Ош жолун калыбына келтирүү долбоорунун негизинде ишке ашат. Ремонт иштери жолдун эки участкасында жүргүзүлөт. Биринчиси – Бишкектен тартып Кара-Балтага чейин 60 чакырым узундуктагы жол, экинчиси Маданият айылынан тартып Жалал-Абадка чейин 70 чакырым аралыкта.

Кеткен каражаттын жалпы суммасы болжолдуу түрдө 120 млн доллар деп бааланууда. Анын 50 млн долларын Евразия өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы бөлүп берет. Калган 20 млн доллары Финансы министрлиги тарабынан каржыланат.

 

kyrgyz.vb.kg