Домой Дүйнө кабары 550’000’000 доллар тамекиден зыян чеккендерге бөлүп беришет

550’000’000 доллар тамекиден зыян чеккендерге бөлүп беришет

4

тамеки - өлүм“Ден-соолука зыян келтиргендиги жана дагы деле зыян келтирип жаткандыгы үчүн” деген айып менен жоопко тартылган, тамеки чыгаруучу ири компаниялар Нью-Йорктун бюджетине 550 млн доллар которуп бермекчи.

12 жылдан бери соттошуп келип, жыйынтыгында тамеки чыгаруучу компаниялар бул ири сумманы которгон соң, сумманын жарымын штат алса, калган жарымын Нью-Йорк жана анын айланасындагы округдарга тең бөлүнмөкчү.

Штаттын башкы прокурору Эрик Шнайдермандын айтуусу боюнча ири компаниялар элге келтирген зыяны үчүн жоопко тартылышы керек жана жогорудагы сумма тамекиден зыян чеккендердин ден-соолугун чыңдоого жумшалат.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)