Домой Коом 6 ай ичинде Бишкекте 978 айдоочу айдоочулук куболугунөн ажыратылып, 1243 жол кырсыгы...

6 ай ичинде Бишкекте 978 айдоочу айдоочулук куболугунөн ажыратылып, 1243 жол кырсыгы катталган

9

гаи2013-жылдын биринчи жарымында Бишкек шаарында Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан 118 503 жол кыймылынын эрежесин бузуу катталган. Жол кыймылы эрежесин  бузуу боюнча жалпысынан 118 429 протокол түзүлүп, айыптуулар 25 млн 810 миң сомдук айып пул төлөшкөн.  Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы сотторго 3471 административдик материалдар жөнөтүлгөн, анын ичинен 978 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылган. 1447 айдоочу 2 млн 196 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул төлөшкөн. Дагы  1010 административдик материалдар соттун кароосунда турат.

2013-жылдын 6 айында мамлекеттин бюджетине 28 млн 6 миң 500 сом түшкөн. Бул өткөн жылкыга салыштырмалуу 2 млн 66 миң 580 сомго көп.

Ошондой эле ушул жылдын эсебинен Бишкек шаарында 1243 жол кырсыгы катталган. Андан 48 адам каза таап, 1532 адам жаракат алган.

Борбор шаардын аймагындагы жол кырсыгы 105,1%га көбөйгөн. Андан денесине ар кандай даражадагы жараат алгандардын саны 129%га жетип, ал эми каза тапкандардын саны 6,5%ды көрсөтөт.

2013-жылы коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан 86 жол кырсыгы катталган, анда 4 адам каза таап, 151 адам жараат алган.