Домой Коом 7-апрель окуясы боюнча сот жыйынында уруш чыгып, аскерлер жаракат алды

7-апрель окуясы боюнча сот жыйынында уруш чыгып, аскерлер жаракат алды

7

жогорку сотБүгүн, 17-июлда ЖАМКтын Күзөт жана коштоо департаментинде 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча сот иши жүрүүдө. Сот жыйынында 2010-жылдагы апрель окуяларында жапа чеккендерден турган “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен курман болгон балдардын ата-энелери ортосунда уруш чыгып кетти. Сот залына айыпталуучуларды алып киргенде алар уруша кеткен. Сот залында тартипти сактоого аракет кылган ички аскерлердин жоокерин алар сабап салышты.

“Мекен шейиттеринин” өкүлдөрү – алар 80дей киши сот ишине төрагалык кылган судья кеңешүү бөлмөсүндө өтө көп убакыт болгонун айтып нааразы болушту.

Милиция кызматкерлери мушташты токтотууга аракет кылышып, сот залындагы кишилердин баарын сыртка чыгарышты.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227504