Домой Коом 9 жаштагы баланы зордуктаган медресе кызматкеринин психикалык саламаттыгы текшерилет

9 жаштагы баланы зордуктаган медресе кызматкеринин психикалык саламаттыгы текшерилет

4

Карамушкина ИринаСаламаттык сактоо министрлиги 9 жашар баланы зордуктаган медресе кызматкеринин психикалык саламаттыгын текшерүү боюнча атайын комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди. Белгилей кетүүчү жагдай, мурда бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина айткан болчу. «Кызыл-Жар ооруканасы 9 жашар Нурсултанды зордуктаган медресе кызматкеринин психикалык жактан акыл-эси ордунда эместигин аныктады. Медресенин жетекчилиги мындай адамдын балдар менен иштөөсүнө кандайча жол берди? Азыр жабыркаган бала ушунчалык катуу корккондуктан жана психикалык сокку алгандыктан, буту иштебей калды. Андыктан медреселер менен менчик бала бакчалардын иштешин текшерүү боюнча атайын комиссия түзөлү. Комиссиянын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин, Башкы прокуратуранын кызматкерлери, балдар психиатрлары, бардык тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү киришсин», – деген депутат.

Айбат гезити №55