Домой Коом А.Анапияев жомок китеби үчүн 80 миң сом берди

А.Анапияев жомок китеби үчүн 80 миң сом берди

30

анапиявАкыркы кезде адабий чыгармаларга мамлекет тарабынан кам кѳрүүнү кой, кыргыз адабиятынын тагдыры тийиштүү аткаминерлердин оюна келмек түгүл, түшүндѳ деле кѳрбѳй калышкан. Качан болсо айта калчу шылтоо, казына бош, чѳнтѳк жука деп келишкен. Балдарга арналган чыгармалар, жомок китептери дээрлик жокко эсе. Ушундай абалды алыстан абай салып байкап калганбы же Жаныбек Жанызактын үнү жеткенби, эл аралык “Алыш” федерациясынын президенти Алмамбет Анапияев кыргыз эл жомокторунун топтомун чыгарууга 80 миң сом каражат бериптир. Жакынкы күндѳрү бѳбѳктайлар колуна жомок китеп алышып, кудуңдаган кубанычына күбѳ болот экенбиз