Домой Саясат А.Атамбаев өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун туташтырган долбоорду ишке ашыруу боюнча ишти...

А.Атамбаев өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун туташтырган долбоорду ишке ашыруу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды

6

atambaevБүгүн, 5-июнда президент Алмазбек Атамбаев Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Транспорт жана коммуникациялар министрине өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун туташтырган долбоорду ишке ашыруу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

«Жаңы автомобиль трассасы өткөн каттам татаал учурларды эске алуу менен өлкөнүн жетүүгө кыйын болгон транспорттук системасын камсыз кылышы керек, жана жаратылыш кырсыктарында, ошондой эле массалык баш аламандыктарда, чукул кырдаалдарда өлкө ичинде жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташууларына кепилдеме бериши керек», – деп белгиледи президент.