Домой Саясат А.Атамбаев Түркияга иш сапары менен жөнөп кетти

А.Атамбаев Түркияга иш сапары менен жөнөп кетти

3

Бүгүн, 18-июнда Кыргыatambaevзстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Абдуллах Гүлдүн чакыруусу менен Анкарага жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.

Иш сапары учурунда мамлекет башчысы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча Түркиянын жетекчилиги менен бир нече жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары президент А.Атамбаев врачтардын сунушу менен «Гюльхан» Аскер медициналык академиясында медициналык текшерүүдөн өтөт.

Эскерте кетсек, 2007-жылы уулануудан кийин А.Атамбаев аталган академияда медициналык текшерүүдөн өткөн. Ал эми 2008-жылы Анкара шаарындагы ооруканалардын биринде анын кызыл өңгөчүнө операция жасалган.

Ушул жуманын аягында А.Атамбаевдин кайра Бишкекке кайтып келет.