Домой Саясат А.Бекназаров президент А.Атамбаевдин жана ЖК депутаты Ө.Текебаевдин суракка алынышы керектиги тууралуу өтүнмө...

А.Бекназаров президент А.Атамбаевдин жана ЖК депутаты Ө.Текебаевдин суракка алынышы керектиги тууралуу өтүнмө арыз берди

3

БекназаровДепутат Талант Мамытовдун адвокаты Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочуларынын соттолуп жаткан депутаттарды бошотуу тууралуу кайрылуу өтүнүчүн кылмыш ишинин материалдарына тиркөөгө өтүнмө арыз берди.

Курманкул Зулушевдин төрагалыгы астындагы соттук коллегия, аталган кайрылууну карап чыгып, иштин материалына тиркөө чечимин кабыл алды.

Ошондой эле адвокат Азимбек Бекназаров президент Алмазбек Атамбаевдин жана «Ата Мекен» фракциясынан ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин суракка алынышы керектиги тууралуу өтүнмө берди.

«Президент коомчулукка, депутаттарды Ак үйдүн дубалынан ашып түшүүгө азгырышты деп айтты. Ушундай эле билдирүү менен мурдараак Өмүрбек Текебаев да айтып чыккан. Ишти ар тараптуу кароо максатында жана объективдүүлүк үчүн аларды кошумча күбөлөр катарында суракка алууну өтүнөм», – деди ал.

Бирок, депутат Камчыбек Ташиев сот узакка созулуп кетет деп, коомдук коргоочунун өтүнмө арызын кайра сурап алуусун өтүндү.

Мындан кийин Бекназаров өтүнмө арызын кайра алды.

Булак : АКИpress