Домой Экономика А. Жээнбеков: “Газ тармагында көз карандысыздыкка жетүү үчүн ушундай жолду басып өтүшүбүз...

А. Жээнбеков: “Газ тармагында көз карандысыздыкка жетүү үчүн ушундай жолду басып өтүшүбүз керек”

3

Жээнбеков АсылбекЖогорку Кеңеш жыйынында каралган КР Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчёту тууралуу маселени жыйынтыктап жатып, Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков көгүлтүр отун маселесине да токтолду.

«Газ маселеси акыры чечилет, – деп баса белгиледи Төрага. Бул тармакта көз карандысыздыкка жетүү үчүн ушундай жолду басып өтүшүбүз керек. Россия убагында Грузия менен маселе жаралганда дагы газды өчүргөн эмес. Бүгүнкү күндө Украина менен мамилеге карабай карапайым, бир тууган элди ойлоп, газ берүүнү токтоткон жок. Бул бир туугандык мамиленин белгиси. Ушундай боордоштук мамилени коңшу мамлекетке жеткирүү үчүн иштеш керек, ал жактагы элчилик иштесин».

Айбат гезити №79