Домой Саясат А.Калматов ЕКПАнын Миграция иштери жана качкындар боюнча баяндама жасады

А.Калматов ЕКПАнын Миграция иштери жана качкындар боюнча баяндама жасады

3

Анарбек КалматовКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Анарбек Калматов бүгүн, 23-апрелде Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Миграция иштери жана качкындар боюнча комитетинин төрагасы Т.Мариани менен жолугушуп, аталган комитеттин жыйынында баяндама жасады.

Жогорку Кеңеш депутаты А.Калматов жасаган баяндамасында Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүгө жана экономикалык кырдаалга, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө, жумушсуздук менен миграцияны кыскартууга багытталып жүргүзүлгөн мамлекеттик саясаттын натыйжаларын белгиледи.

Ошону менен катар А.Калматов аталган комитеттин мүчөлөрүнүн Кыргызстандагы парламентаризмди өнүктүрүү келечегине, жалпы саясый абалга жана миграция маселелерине кызыгып узаткан суроолоруна жооп берди.

ЕКПАнын Миграция иштери жана качкындар боюнча комитетинин төрагасы Т.Мариани Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды бөлүшкөн маанилүү өнөктөш болуп саналаарын баса белгиледи.

Айбат гезити №125