Домой Негизги А.Салянова кылмыш иши козголгон чиновниктерди атады

А.Салянова кылмыш иши козголгон чиновниктерди атады

5

Салянова Аида“Ата Журттун” депутаты Жылдыз Жолдошева баш прокурор Аида Саляновадан кылмыш иши козголуп, иликтөө аягына чыга элек чиновниктердин аттарын атоону сурады. Андан ары   “Республика” партиясынан Урмат Аманбаеванын же Мыктыбек Абдылдаевге карата Салянованын айткан айыбы такталбай, алар акталып, бирок аброюна шек келтирилип калып жатканын маалымдады.

«Сиз депутаттардын жана “Ата Журт” партиясынын мүчөлөрүнүн, же түштүктүктөрдүн аттарын атап жатасыз. Мындайга жол бербегиле. Сыйлоо деген болуш керек», – деди парламентарий.

А.Салянова буга аттары кылмыш иликтөө абалына жараша аталгандарын билдирди. «Мен Аманбаевдин сөздөрүн комментарийлеп, Абдылдаевдин сөздөрүнө жооп бердим. Бул тизме толук эмес. Кааласаңыз, толук тизмени бере алам», – деди ал.

Башкы прокурор төмөнкү адамдардын аттарын атады:

• «Республика» фракциясынан депутаттар: Исхак Пирматов, Элмурат Обдунов, Нурбек Мурашев, Ажибаев;

• «Ата-Журттан»: Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков,Нариман Тюлеев, Курманбек Осмонов;

• СДПК: экс-мэр Иса Өмүркулов, Кененбаев, Шарипов;

• «Ата Мекен»: экс-министр Равшан Сабиров;

Ошондой эле Миңбаев, Арзыбаев, Ала-Бука районунун акими Рыскулов, Чаткал районунунакими Таласбай уулу, Чек ара кызматынын мурдагы башчысы Курманакун Матенов, ички иштер министринин орун басары Фархад Усенов, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нарбаев, финансы министринин орун басары Абилдаев, өзгөчө кырдаалдар экс-министри Темирбек Акматалиев.

Айбат гезити №74