Домой Саясат Абактагы «бунттун» артында А.Келдибеков турушу мүмкүн, – Ө.Абдрахманов

Абактагы «бунттун» артында А.Келдибеков турушу мүмкүн, – Ө.Абдрахманов

18

АбдрахмановАбак жайдагы «бунттун» чыгышы Акматбек Келдибековдун камалышына байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени, А.Келдибековдун К.Көлбаев менен жаңы жылды чогуу тосконун айтып чыккандардын бири мен, деп билдирди депутат Өмүрбек Абдрахманов бүгүн, 26-ноябрда айрым интернет-сайттарына берген маегинде.

«Бирок, түрмөдөгүлөр кандай негизде ачкачылык жарыялап жатат, ошону тактап туруп жооп бергенибиз оң. Антпесе экөөбүз уят болуп калабыз», – дейт ал.

Ал эми А.Келдибеков боюнча эл өкүлү: «мен парламенттин Орусиядагы өкүлчүлүгү ачылганда биринчиден каршы чыккам. Аны «туура эмес кылып жатасыңар» деп ачык айткам. Бул ишти көпчүлүк депутаттар да колдогон. Келдибековго бул боюнча коюлган айыптоолорго жеке мен кошулбаймын», – деди Ө.Абрахманов.