Домой Маек Абдимуктар Маматов: “Оңой жеткен эгемендиктин баркына жете албай атабыз”

Абдимуктар Маматов: “Оңой жеткен эгемендиктин баркына жете албай атабыз”

1

Абдимуктар Маматов– Абдимуктар мырза, өз алдынча мамлекет болуп, көз карандысыздыкка ээ болгонубузга 23 жыл толду. Эгемендүүлүктүн баркын кандай түшүнөсүз?

– Эгемендүүлүк деген бул ар бир атуулдун көксөгөн максаты болуп эсептелет. Дүйнөдө өтө көп улуттар өз алдынча мамлекет боло албай келишет. Андыктан аз сандагы улут болсок да, өзүбүздүн жерге, мамлекетибизге ээ болуп турганыбыздын өзү чоң бакыт. Кыргызстан деген мамлекеттин уңгусун кыргыз улуту түзгөндөн кийин анын тилин, дилин, каада-салттарын, өзгөчөлүктөрүн барктап, сактап жүрүшүбүз керек. Себеби бизге мындай мурастарды ата-бабаларыбыз калтырып кеткен. Биз аны төкпөй-чачпай урпактарга өткөрүп беришибиз керек.

– Бүгүнкү күндө саясатта жүрүп аткан бийлик талаш «оорусу» ошол эгемендүүлүгүбүзгө, мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетирип койбойбу?

– Албетте, доо кетирет. Биз СССРдин курамында жүрүп, анан 1990-жылдардын башында эгемендүүлүккө оңой жетишкендей болдук. Анан ошол эгемендүүлүгүбүздүн баа-баркын анчейин сезбей жаткандайбыз. Мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч келтирип, ар кандай саясый кадамдарды жасап келебиз. Пикет, митинг, жол тозуу өңдүү көрүнүштөр мамлекетибиздин кадыр-баркын гана эмес, экономикасына да эбегейсиз терс таасирин тийгизип атат. Мына ушуну туура түшүнө турган мезгил келди. Саясатта жүргөн инсандардын бардыгы эле «элим, жерим» дешет. Бирок, көпчүлүгү мындай сөздү жеке кызыкчылыктары үчүн колдонуп жатышкандай. Эгерде алар чындап эле мамлекеттүүлүгүбүзгө, эгемендүүлүгүбүзгө күйүп жатышкан болсо, анда ынтымакка келип, элдин кызыкчылыгындагы саясатты алып баруулар керек. Өз кызыкчылыктары үчүн элди курал катары колдонууну токтотуу зарыл.

Айбат гезити №90